КР ЖК депутаты Субанбеков Бакирдин Жайыл районунун Кара-Суу айылынын тургундарына «жолуңардын калган жерин асфальттатып берем» деди эле. 04.09.2019-жылы ДЭП-40 тын жумушчулары келип, калган 160 метр жолду асфальттап кетишти.Айылда 1160 метр жол асфальттанды.
Депутат өзү келип, эл менен жолугушту.
Депутат жана Айыл өкмөтүнүн төрайымы жолду текшерүү учурунда.
Райондук газетанын корреспонденти жана «Ак кептер» ЖМБ ун жетекчиси депутат менен.
Жол текшерилүүдө.
Мектеп директоруна 2 компьютердин сертификатын тапшыруу. Мектеп директору-Насыранбекова Маруфат, Субанбеков Бакирдин жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы-Арыков Талантбек.
Айыл башчы Алиев Төрөбек менен
Айылдын имамынын батасын алып, КР ЖК депутаты Субанбеков Бакирдин иш сапарын улады.
Даярдаган: Данияр кызы Назик