Жайыл районундагы Кара-Балта суу сактагычына май айындагы көп жааган жамгырдан 9-10 куб суу кирип, чыгышы 5-6 куб болуп, абал кооптуу болууда. Бул абал тууралуу суу сактагычтын көзөмөлдөөчүсү, Жайыл районунун УОСунун кызматкери, Атакеев Зарылбек менен маек курдук.
— Мен суу сактагычта мураб болуп иштейм. Быйыл жамгырдын көп жааганына байланыштуу көл толуп жатат. Күндөн-күнгө суу көбөйүп жатат. Мындай абал 2002-жылы да болгон. Анда суу сактагычтын капталын ачып, суунун дэңгээлин түшүргөнбүз. 9-10 куб суу келип жатат, чыкканы 5-6 эле куб болуп жатат. Бүгүн экскаватор келет. Көлдүн капталын ачалы деп аракет кылып жатабыз.
– Айылга коркунуч деле туудурбайт го. Көчөнүн башынан да ачып, Кара-Балта дарыясына бурабыз. 1,5 куб суу кетет ал жак менен. 24-майда суунун келиши азайды эле, бүгүн кайра көп келип жатат.
Райондун УОСунун кызматкерлери тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүп, бул курч абал жоюлат деп ишенебиз.
Даярдагандар: Медина Сатыбекова, Султаналы Чакчагаев
Сынак үчүн