Үч-Коргон айылындагы ишкерлер доллар курсунун өзгөрүүсү айыл тургундарына бир топ кыйынчылыктарды жаратканын айтышат. Бул боюнча ишкер айым Инобат Тешебаева менен маектештик.

Үч-Коргон айылында ишкерлер доллар кусунун өзгөрүүсү менен базардагы баалардын тездик менен өсүүгө же болбосо баалардын түшүүсүнө таасирин тийгизип жаткандыгын айтышат.
“Мен Үч-Коргон айылында жеке ишкермин жана доллардын өзгөрүүсү мага абдан маанилүү. Базарга барып жөнөкөй семечканы эмнеге кымбат деп сурасаңыз доллардын курсу көтөрүлдү деп жооп беришет. Доллардын курсунун түшкөнү жакшы деп эсептеймин. Анткени жөнөкөй калк доллар менен иш алып бара албайт”, — деп билдирди ишкер айым Инобат Тешебаева.
Тешебаева билдиргендей, Үч-Коргон айылында доллардын өсүүсү элдин турмушуна таасирин тийгизбей койбойт. Тескерисинче доллар түшсө, карапайым калктын турмушунун жакшыланышына жардам болот эле, деп эсептейт.
Биз бул суроо боюнча атайын изилдөөчү Махбуба Мухамедовага кайрылганбыз.
“Эгер жетиштирген жемиштерин сата турган болсо, канча каражат кетиши мүмкүн? Жаңы казылган кортошканы 20 сомдон сатып жатышат, ал эми капустаны болсо айылдарга таратып жүрүп беш сомдон сатышты. Ушундай болсо дыйкандарга бооруң ооруйт да. Ошондуктан долларды чыгарып эле салыш жакшы деп ойлойм”, – дейт Мухамедова.
Даярдаган: Арипов Атабек