Түп районунун Тасма айылынында жардамга муктаж болгон үч тубаса майып балдарды чоңойтуп келе жаткан үй-бүлөгө ”Human Appeal International” кайрымдуулук фонду тарабынан жардамдар көрсөтүлдү.
Бул үй-бүлө “Кайрымдуу бол” берүүсүнө кат жөнөтүп, үч баласына майып арабасы, үйүнө суу чыгартып, даараткана, жуунучу жайга шарт түзүп берүүсүн суранышкан. Кат жазган күндөн көп узабай “Кайрымдуу бол” программасы үй-бүлөнүн өтүнүчүн аткара тургандыгын билдирди.
“Human Appeal International” фондунун директору Али Айоуб ага келген каттын негизинде жардам берип жатканын айтты.
“Бир жума мурун биз бул үй-бүлөдөн кат алдык. Биздин берүүбүз үй-бүлөгө келип өз көзүбүз менен көрүп жардам берүүнү туура көрдүк. Бизге алар үй-бүлөөдө үч баласы майып экенин жазышыкан, ошондой эле балдардын ата-энеси да оорушарын билдик. Ошол себептен биз кесипетештерибиз, КТР менен бирге келип жардам көрсөтөлү деп турабыз”, — деп билдирди Али Айоуб.
Аталган “Кайрымдуу бол” программасы бул үйгө кышкысын майып балдары менен жашоо оор болгондуктан ысык суу жана башка шарттарды ыңгайлаштырып берүүнү өз колдоруна алып, ай сайын акча бөлүнүп тураарын билдирди.
Ошондой эле үй-бүлөөгө болгон биринчи жардамыбыз деп үч баласына майып арабасын алып беришкендиктерин айтат кайрымдуулук фондунун директору Али Айоуб.
Балдардын чоң апасы Атыркүл эже буларды айтты.
“Биз жардам көрсөткөндүктөрү үчүн үй-бүлөөбүз менен бул уюмга ыраазычылык билдиребиз. Буга чейин бизге демөөрчү болгон адамдар жок эле, алгач эле коляска берип, андан соң биздин суранычыбызды аткарып жуунучу жай, даараткана салып берээрин айтышты”, — деп токтолду Атыркүл апа.
Даярдаган: Жазира Дүйшөн кызы
Сынак үчүн
АА