Учурда Тасма айылында эле чүкө оюндары көп ойноло баштады. Аны айылдын кичинекей эле эмес, чоңдору да ойношууда.

Тасма айылынын жаш тургуну Акжол Кубанов ”кан таламай”, “сака атаар”, “ордо” оюндарын көп ойнойбуз деп билдирет.
“Биз көп учурда чүкө оюндарын ойнойбуз. Ал чүкө оюндарында жеке эле биз эмес, атамдар да кошулуп ойноп кетет. Негизи чүкө оюну кызыктуу. Биз атам экөөлөп чүкө чогултабыз”, — дейт Акжол.

Ал эми айыл тургуну Махабат Ахметжанованын айтымында, чүкө оюнун уулу эле эмес жолдошу да ойнойт.
“Чүкө оюндарына мен каршы эмесмин, себеби бул мурдатан келе жаткан оюн. Негизи бул оюнду жазында ойношот. Айтып коюшат эмеспи балдар чүкө ойноп жатышса жаз эрте келет экен деп. Азыр менин уулум жана жолдошум экөө чүкөөлөрдү чогултуп боёшот”, — деп билдирип өттү Ахметжанова.
«Чүкө оюнун биздин аталарыбыз да ойноп келген. Аны унутпашыбыз керек» деген ойдо Тасма айылынын жашоочусу Жылдызбек Эгебаев.
“Чүкө менен ойноло турган кыргыздын оюндары көп. Аларды унутпай балдарыбызга, балдарыбыз балдарына үйрөтсө ошондо бул чүкө оюну унутулбайт”, — деди ал.

Даярдаган: Айдана Саякова
Редактору: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн