Эшбай Токсобаев мектебинин отургучтары мектеп ишке берилгенден бери оңдоло элек болчу. Ошондуктан быйылкы бүтүрүүчүлөр сынган, эскирген отургучтардын ордуна жаңы отургучтарды орнотуп берүүнү чечкен.
Отургучтарды орнотууга жалпы сегиз миң сом каражат кеткен.
Жаандын жаашы менен мектептин отургучтары суу болуп, отурууга мүмкүн эмес эле. Мына ушундай көйгөйдү быйылкы бүтүрүүчүлөр чечүүнү колго алышкан.

11-класстын окуучусу Арген Бердибек уулу «кичинекей бөбөктөрүбүз жаан жааганда таза жерге, күн ысыкта көлөкө жерге олтурсун деп жасадык» дейт.

«Бул жасаган ишибиздин окуучуларды кубандырганына азыр күбө болуп олтурабыз», — дейт Арген.

Ал эми отургучтарды жасаган Тилек Асановдун айтуусунда, бул ишти жасоого үч күн убактысы кеткен жана жасап бергени үчүн акча алган эмес.

Азыр окуучулардын да сүйүнүп жаткан кези. Себеби тыныгуу учурунда алардын көбү ушул салкын жерде олтурат.
10-класстын окуучусу Азиз Таалайбеков төмөнкүлөрдү белгиледи.
«Мурун тыныгуу учурунда класстан чыкпай эле олтура берчүмүн. Эми минтип 11-класстар отургучтарды жаңылап, мен да сабак бүткөндө эшикке чыгып калдым”, — дейт Азиз.

Отургучту жаңылоо үчүн кеткен сегиз миң сомду 11-класстар ар бири 350 сомдон чогултуп, беш отургуч жасатышкан. Арген Бердибек уулунун кошумчалоосунда, отургучтар жөн гана тура отуруп эс алуу үчүн эмес, мектептин көркүн ачып да турат.
Даярдаган: Алмаз Эшбаев
Редактору: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн