Ноокат районундагы Кызыл-Булак айылында жайгашкан Айбашев орто мектебинин окуучусу Жаркынай Оморбекова 7-классынан бери ыр жазып келет. Анын ыр жазганына ички сезими, жаратылыштын кооздугу, өчпөс чындык түрткү болгонун айтат.

Сиздин ыр жазганыңызга эмне түрткү болду?
— Ыр жазышка негизинен адамдын ички сезими түрткү болот. Мен көбүнчө жаратылыштын кооздугун, же болбосо менин айлана чөйрөмдөгү адамдарга болгон сезимим ыр жазышыма түркү болот.
Сиз кандай чыгармаларды жазгыңыз келет?
— Менин алдыңкы жазган ырларым эмнегедир канаттандырбайт. Ошон үчүн кайра-кайра ыр жазгым келет. Келечекте бүт элдин тамшандырган чыгарма жазгым келет.
Сизде ыр жазгандан бери кандай өзгөрүү болду?
— Мен ыр жазгандан бери менин жан дүйнөм өзгөрдү деп ойлойм, жашоого кеңири көз карашта карайт экенсин.
Азыркы учурдагы ырларыңызды атап өтсөңүз?
— Сезим, Ишенич, Достук, Жаратылыш, Өмүр, Көз жаш, Жалган жашоо, Дүйнөдө тынчтык болсун, Тил, Алма гүлү жана башка.
Анда өзүңүз жакшы көргөн ырыңызды айтып берсеңиз?
“Өмүр”
Эрк өзүңдө өмүрдүн келсе кетет
Кылымдарга болот конок же жылдарга.
Жалт көрүнүп көздөн кайып болуп кетсе
Кээде аттиң келсе дейбиз кайра кайтып.
Адамзатка жаныбарга келди өмүр,
Өзүнө камтыган көп сыноо менен.
Өмүр шашат конок болуп бир келсе да,
Зымыраган убакытка болуп шерик.
Автор: Жаңылай Толкунбек кызы
Редактору: Кызжибек Кушбакова
Сынак үчүн