2016-жыл Президентибиз А.Ш. Атамбаев тарабынан «Тарых жана маданият» жылы деп жарыялаган жарлыгы боюнча аз болсо да инсандык салымымды кошоюун деп, архивдерден, эл оозунан «Улуу ата мекендик согушка» катышкан аталарыбыз жонундогу так маалыматтарды чогултуп, кээ бир баалуу архивдик фото материалдарды реставрациялап, келечек муундарына татыктуу откоруп беруунун устундо иштеп жургон, Исманали Джумабаевич Карабаевди жолуктуруп калып, бул кишинин эмгегине бир эсе ыраазы болуп, бир эсе тан калып, окурмандарыбыз учун ой болушуусун суранып кепке тарттык:
Урматтуу Исманали Джумабаевич айтынызчы, Сизди Сулуктулуктор, шаардагы эн алдынкы ишканалардын бирин башкарган ишкер, ар кандай коомдук иштерге активдуу катышып келе жаткан Шаардык Кенештин Депутаты катары билебиз, ушунча коп жумуштардын устундо журуп, Элдин руханий маданиятын которууго, маданий мурастарды чогултууга кантип убакыт таап жатасыз жана бир аз токтоло кетсениз?
«Негизи инсанда катуу аракет, аруу максат болсо ар бир алгылыктуу ишке убакыт тапса болот. Бул иштер бир эле кундо жасалып калган жок. Ар бир инсанда мекенин суйуу, келечек муундарына кам коруу деген сезимдери болот ко, менин да бала убагымда элеси калган «Улуу Ата мекендик Согуштун Ардагерлери» жонундогу маалыматтарды, официалдуу жерлерден жолуктура албай калган учурларым болуп, бул койгой ойлонтуп жургон. Ушул биз учун кан майданга барып келген аталарыбыздын омур таржымалы да официалдуу турдо сакталып калса, кимдир бироо улгу алып, кимдир бироо сыймыктанып атын туу тутуп журсо деген каалоо тилектер менен, шартка жараша, улуу муундардын оозеки эскеруулорун, документалдуу, фото материалдарын чагылдырган маалыматтарды чогултуп коюп жургонмун.
«2016-жыл тарых жана маданият жылы»-деп жарыяланганы мага кобуроок туртку берди окшойт. Интернет булактарынан жарлык менен таанышкан учурумда бир ой келип, ушул быйыл чыгынып чогулган эмгектерди топтоштуруп, акырына чыгарып маданий мурас катары чогултуп коёюун деп белсендим. Силер туура баалагандай эле ото коп убакытты, чымырканган эмгекти талап кылды. Кээ бир ардагер аталарыбыз жонундо кала берсе жакын урпактарында да маалымат жок болуп чыкты. Кыргызстан жаны Эгемендуулукко жеткен жылдары Сулуктудон коптогон жарандарыбыз, Чуй бооруна, Бишкек шаарына, кээ бирлери Лейлек районуна жана башка жактарга кочуп кеткендиктен, кээ бир фото материалдарды, баалуу маалыматтарды Бишкектеги, Лейлектеги жана башка жактарда жашап жаткан урпактарынан алдырган учурлар да болду. Негизинен материалдар Сулукту шаардык Архивинен, Кошбулактагы Аксакалдар Уйунон жана Сулукту шаардык Ардагерлер Кенешинен алынып, толукталды.
Мына озум кубо болуп турам, бул аллеяда тигилген арча кочоттору, осуп турган гул бакчалары, тосулган тосмолор, Ар бир Ардагер учун атайын чыгарылган орнотмолор коз жоосун алып турат. Бул иштер коп каражатты талап кылган болсо керек?
«Мен учун каражаттан да маанилусу, Сулукту шаарынын (СССР учурунда) №18-шахтасын байырлап келип, отурукташып калып, жаштыгын ушул жерге арнап, ушул жерден кан майданга аттанып кеткен аталарыбыздын тарыхы, омур жолу, изилденип чыгып, тарыхый эмгек катары элибизге калганы болду. Чындыгында Улуу Атамекендик Согуштун Ардагерлеринин, Эл учун токкон канын эч кандай каражат менен ченей албайбыз».
«Кандай гана чыгарма болбосун мейли ал, кара соз турундо, ыр турундо балким сурот же скульптура болобу негизинен адам баласы учун отконду эстетип, келечекке багыт берип турса аны тарыхый жана маданий мурас дейбиз. Ар бир чыгарма оз заманына жараша боло берет. Кыргыз элибизде маданий мурастар коп болсун. Бейпил заманды тартуулаган, Ардагер аталырыбыз жонундо канча жазсак да аздык кылат. Эч качан согуш болбосун»- дейт «Эч ким, Эч нерсе унутулбайт»- аттуу аллеяны тузуп, жогорудагыдай баалуу маалыматтарды бизге жана келечек муундарыбызга жеткирген, «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, Сулукту шаардык Кенешинин Депутаты Карабаев Исманали Джумабаевич.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров