Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев мектебинин оюн аянтчасынын абалы начар деп билдиришүүдө. Мурда оюн аянты талапка жооп бербеген жерге жасалганы айтылууда.

Аянчада жайгашкан Тынтай атанын терегин 3 жыл катары менен кыйган соң, спорттук аянчанын абалы кыйла начарлаган, кийин кайра бул аянтты калыбына келтире алган эмес.

Аталган мектептин дене тарбия мугалими Эркинбек Көчөрбаев бул оюн аянтчасы союз убагында Кыргыз Респупликасы боюнча 1-орунду ээлеген, азыр болсо абалы оор, сабак өтүүгө шарттар жок деп билдирүүдө.
“Мурда бул аянтча баардык талапка ылайыктуу жасалган. Андан соң Тынтай атанын теректерин 3 жыл катары менен кыйып, болгон аянтчаны талкалап, кайра калыбына келтиребиз деп коюшуп ошону жасабай кетишти. Буга айыл өкмөттүн башчысы, мектеп админсрациясынын жетекчиси, чарбачылык иштеринин оорун басары Кожоев Көкүлбайдын түздөн түз күнөөсу бар”,- деп баяндады Көчөрбаев.

Учурда оюн аянтчанын абалы канаттандырырлык эле, бирок союз убагындагыдай жакшы эмес деди Сопиев мектебинин мүдүрү Алик Мамытов.
“Мурда бул оюн аянтчанын тегерегинде теректер өсүп турчу. Аларды кыйганда, чоң-чоң траторлор кирип сүйрөгөндө аянтча да бузулган. Эми муну кайра мурунку оордуна келтирүү оор”, — деп билдирди Мамытов.
Аталган мектептин 8-классынын окуучусу Гүлайым Кубатбек кызы спорт аянтында сабак өтүүдө кыйынчылыктар жаралаарын айтууда.

“Азыркы учурдагы мектебибиздин спорттук аянчасынын абалы оор десем болот. Айтсак аянчага ар кандай чөп-чаарлар өсүп кеткен”, — деди Кубатбек кызы
Даярдаган: Айдана Саякова
Редактору: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн