Куу-Майдан айылынын тургундары «таштандылар көбөйүп, балдарыбыз ойноп оору жугузуп жатат» дешет. Бул маселе тууралу биз айыл башчы Абдүрөшүт Кадырбайев менен маек курдук.
Саламатсызьбы биз айыл ичинде сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Көбү таштанды туралуу маселени айтышты. Бул маселеге кандай карайсыз?

— Бул негизи туура эмес иш болуп атат. Биз да муну жоюш үчүн айыл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Таштандылар көп, негизинен айыл ичинде, арыктардын боюнда. Ар бири өз үйүнө таштанды салуучу курушса айылыбыз тазаарак болот.
Негизинен таштандыларды ким таштайт жана ким жооптуу?
— Эми таштандыларды өзүбүздүн эле адамдарыбыз, окуучулар ташташат да.
Эмне үчүн таштады салуучу урналар жок?
— Жана айткандай ар бири өз үйүндө таштанды салуучу урналары болгондо тазалыкка өбөлгө түзүлүлмөк. Бирок таштанды төккөнгө жер боюнча долбоор жаздык.
Ал качан ишке ашат?
— Буйруса быйыл ушул 2016-жылы ишке ашат.
Балдары таштандыларды ойноп оору жугузуп жатышат. Бул боюнча да элден нааразычылык түшүп жатабы?
— Ооба түшүп атат. Ошол атылган иттер жана таштандылар үчүн курулат.
Биз менен маек курганыңызга чоң рахмат.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн