Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары өкмөткө барып көчө театр коюп беришти. Көчө театры «Зордук зомбулукка жол жок» деп аталды.
Көчө театры маданият үйүндө өткөрүлүп, ага Бишкектен коноктор келишти.
Биринчи сценарий өкмөттө каршы аткарылганы үчүн ага күлүп отурушса, экинчисинде болсо ойлуу отурушту. Анткени азыркы учурду чагылдырган сахна көрсөтүлдү. Анда ата-эне балдарын таштап, Москвага кеткени жана баланын бул жакта көргөн зордук-зомбулугу чагылдырылган.
Өкмөткө каршы сахналаштырылган театр көрүүчүлөргө жаккандыктан аны экинчи жолу кайрадан коюп беришти.
Уюштурручу Зиягүл Козу кызынын айтымында, «Тарых жана маданият жылына» өткөрүлгөн иш-чара ойдогудай өткөн.
«Өтө жакшы аткарышты. Аларга ыраазы болду окшойт», — дейт өз сөзүндө Зиягүл Козу кызы
Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн