21-октябрда Кочкор районунун Чолпон айылына «Китеп кербени-2025» долбоору келип, айыл тургундарына чоң маданий майрам тартуулады. Долбоордун негиздөөчүсү Урмат Турдумат уулу окуучулар үчүн келечектеги кесип тандоо маселеси, ал эми ата-энелер үчүн баланы туура тарбиялоо темалары боюнча семинар өтүп, иш-чаранын соңунда китеп жарманкеси болду.

Долбоордун негиздөөчүсү Урмат Турдумат уулу ата-энелерге семинар өттү.
Маек учурунда долбоордун балдар менеджеринин ассистенти Арген Маматкасымов долбоордун негизги максаты билим таратуу экенин баса белгиледи. «Биздин биринчи максатыбыз – билим таратуу. Урмат агайыбыздын семинары өткөндөн кийин, китеп жарманкеси уюштурулат,» – дейт ал.

«Китеп кербени» Чолпон айылынын тургундарына билимге жана китепке болгон кызыгуусун арттырды
«Китеп кербени» алып келген китеп түрлөрү ар түрдүү: «Адам акысы» сыяктуу олуттуу темадагы басылмалардан баштап, жомок китептерге чейин, 5-6 жаштан 90 жашка чейинки адамдар окуй ала турган китептер сунушталды.
Иш-чаранын алкагында ата-энелерге жана окуучуларга арналган атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Окуучулар үчүн келечектеги кесип тандоо маселеси, ал эми ата-энелер үчүн баланы туура тарбиялоо негизги темалар болду. Азыркы күндүн эң көйгөйлүү маселеси – жаш балдардын телефонго ашыкча азгырылышы жана аны чечүүнүн жолдору да кеңири талкууланды.
Долбоордун өкүлү Арген Маматкасымов окуучулардын кызыгуусу күтүлгөндөн алда канча жогору болуп жатканын белгиледи. «Биз бул долбоорду баштаганда мындай масштабда болот деп ойлогон эмеспиз. Көрсө, кызыгуусу бар экен, дагы деле китеп окууга умтулуп жатышат,» – деди ал.

Жарманкеде 5-6 жаштан 90 жашка чейинки адамдар окуй ала турган китептер сунушталды.
Бул иш-чара айыл тургундары үчүн өтө чоң пайда алып келет. Анткени, айыл жергесинде китеп окуу маданияты азайып, китеп сатып алуу үчүн шаарга барууга туура келет. «Китеп кербени» Чолпон айылынын тургундарына билимге жана китепке болгон кызыгуусун арттырууга чоң түрткү берди.
Илима Жумабаева