Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын биология мугалими Венера Жаманакова өз ишине берилген устат. Ал билим берүүдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды. .

Венера эжей, Ардак грамота менен сыйланышыңыз менен куттуктайбыз! Бул сыйлык Сиз үчүн кандай мааниге ээ болду?
— Чоң ыракмат,бул сыйлык мен үчүн ак эмгегимдин бааланышы деп түшүнөм.
Сиздин оюңузча, биология сабагын кызыктуу жана турмуш менен байланышкан кылып өтүүнүн сыры эмнеде?
— Биология сабагын кызыктуу жана турмуш менен байланышкан кылып өтүүнүн сыры — окуучунун күнүмдүк турмушу менен илимий билимди айкалыштырууда окуучуларга жакын мисалдарды колдоно билүүдө жана өз кесимбимди сүйүүдө
Мугалимдик жолдо Сизге эң чоң шыктануу жана колдоо берген нерсе эмне болду?
Окуучулардын жетишкендиги жана алардын көзүндөгү кызыгуу болду. Ар бир окуучу жаңы нерсе үйрөнүп, түшүнгөндө анын жүзүндөгү кубаныч – бул мугалим үчүн эң чоң сыйлык . Ошондой эле кесиптештеримдин колдоосу, ата-энелердин ыраазычылыгы жана коомдун мугалимге болгон ишеними мени дайыма алдыга умтултуп турат.
Жаш мугалимдерге кандай кеңеш бересиз?
Өз кесибин сүйүүгө, ошондой эле окуучулар менен тыгыз иштөөнү сунуштайм
Алдыдагы максаттарыңыз жана пландарыңыз тууралуу айтып берсеңиз.
Менин негизги максатым — окуучуларды билимге суугаруу, өзүнө жана коомго пайдалуу инсан катары калыптандыруу, ошол эле учурда мугалим катары үзгүлтүксүз изденүү жана өнүгүү жолунда болуу.
Мектеп жамаатыңызга жана окуучуларыңызга кандай каалоо-тилегиңиз бар?
Мектеп жамаатыма ынтымак, чыгармачылык жана бири-бирине болгон колдоо каалайм. Ар бир мугалим өз ишине берилүү менен мамиле жасап, билим берүүдө сапатты жана боорукерликти айкалыштырса дейм. Биргелешкен аракет, өз ара түшүнүшүү жана үзгүлтүксүз өнүгүү – ийгиликтин негизги ачкычы деп ишенем.
Окуучуларыма болсо чоң кыялдар коюп, аларды ишке ашыруудан эч качан коркпогула демекчимин. Ар күнү үйрөнүү – бул жашоонун эң чоң байлыгы. Изденгиле, окугула, жаратылышты сүйгүлө жана эмгектин баркын билгиле.
Даярдаган; Үсөнова Мадина