16-октябрь күнү, Ысык-Көл облусуна караштуу, Түп районундагы Тасма айылында А. Сопиев атындагы 19-Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде 9- 10- жана 11-класстардын окуучулары үчүн GAMMA билим берүү борборунун тестирлөөсү жүргүзүлдү.
Иш-чараны борбордун Каракол шаарындагы филиалынын өкүлдөрү уюштурушту. Тесттин максаты — окуучулардын предметтик билимин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана келечектеги билим алуусуна болгон даярдыгын аныктоо болуп саналат.

Тестке катышкан окуучулар ар түрдүү предметтер боюнча суроолорго жооп берип, өздөрүнүн билим деңгээлин текшерүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чара мектеп администрациясынын жана мугалимдердин катышуусунда тынч, уюшкандыкта өттү.

GAMMA билим берүү борбору мындай иш-чараларды өлкө боюнча ар кайсы аймактарда үзгүлтүксүз өткөрүп, окуучулардын академиялык даярдыгын баалоону жана жогорку окуу жайларына ийгиликтүү тапшыруусуна көмөк көрсөтүүнү максат кылат.
Даярдаган: Айбийке Мирбекова, Диана Жайлообаева