Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өтөөрү расмий жарыяланды.Бул шайлоодо жарандар өз депутаттарын түз шайлоо жолу менен тандашат.
№14 шайлоо округунун борбору катары Токтогул шаары аныкталган. Бул округда жалпы шайлоочулардын саны 149 154 адамды түзөт. Аймактык бөлүнүшү төмөнкүчө:
— Токтогул району: Үч-Терек, Кетмен-Дөбө, Э. Иманалиев, А. Суеркулов, Толук, Сары-Камыш айыл аймактары жана Токтогул шаары толугу менен;
— Жалал-Абад облусу:
— Ноокен району: Бүргөндү-Достук айыл аймагы жана Шамалды-Сай шаары;
— Аксы району: Ак-Суу жана Үч-Коргон айыл аймактары;
— Таш-Көмүр шаары;
— Кара-Көл шаары.
БШК тарабынан дайындалгандай, шайлоону уюштуруу жана өткөрүү бардык мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Жарандардын шайлоо укугу сакталуусу жана процесстин ачык-айкындуулугу камсыздалары айтылууда.
Талапкерлер үчүн шайлоо кампаниясы башталып, үгүт иштерине расмий уруксат берилери күтүлүүдө. Бул шайлоо — жарандар үчүн парламентти жаңылоо мүмкүнчүлүгү гана эмес, өлкөнүн өнүгүүсүнө түз таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгү.
Бардык жарандарды активдүү болууга жана добуш берүү аркылуу келечекке үн кошууга чакырабыз.
Даярдаган: Азема Кудуева