Токтогул районундагы Данканай орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айдиншер Нургазиев Азия өлкөлөрүнүн фестивалы алкагында өткөн эл аралык волейбол турниринде мыкты оюн көрсөтүп, “Эң мыкты чабуулчу” номинациясын жеңип алды. Айдиншер Жалал-Абад облусунун атынан катышып, командасы менен III орунду багындырды.

«Мен Токтогул районундагы Данканай орто мектебинин 10-классынын окуучусумун. Былтыркы окуу жылы мен үчүн күтүүсүз, бирок кубанычтуу ийгиликтер менен эсте калды. Жергиликтүү деңгээлдеги спорттук мелдештерде, анын ичинде волейбол боюнча райондук жана облустук турнирлерде жигердүү катышып, мыкты көрсөткүчтөргө жетиштим. Бул ийгиликтердин жыйынтыгы катары Азия өлкөлөрүнүн фестивалынын алкагында уюштурулган эл аралык волейбол турниринде катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Ал турнирде мыкты оюн көрсөтүп, «Эң мыкты чабуулчу» номинациясы менен сыйландым. Жалал-Абад облусунун атынан чыгып, командабыз менен III орунду багынттык. Бул жетишкендиктердин артында эң биринчи кезекте менин ата-энем турат. Алар ар дайым колдоочум болуп, чын дилинен ийгиликке жетишимди каалап келишет. Ошондой эле, ушул жетишкендикке жетүүгө салым кошкон Кайрат, Билим жана Нурбек агайларыма ыраазычылык билдирем» дейт Айдиншер Нургазиев.


Данканай орто мектебинин жамааты жана окуучулары өзүлөрүнүн сыймыктуу окуучусун мындай жогорку жетишкендиги менен куттуктап, анын келечектеги спорттук жана окуу жашоосунда мындан да чоң ийгиликтерди каалайт. Бул ийгилик башка окуучуларга да мыкты үлгү жана шыктануу булагы болсун!

Даярдаган: Азема Кудуева