2025-жылдын 29-октябрына караган түнү Токтогул районуна караштуу Ала-Бел ашуусунда 10-15 cантиметр кар жаап, жол каттамы кыйын абалга кептелди. Таңкы сааттардан баштап, айрыкча жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөн айдоочулар үчүн жолдор тайгак болуп, бир катар ыңгайсыздыктар жаралды.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматтары айдоочуларды кышкы шарттарга даяр болууга, унаалардын дөңгөлөктөрүн өз учурунда алмаштырууга жана ылдамдыкты сактоого чакырууда. Жол кырсыктарынын алдын алуу – ар бир айдоочунун жеке жоопкерчилиги. Урматтуу айдоочулар, коопсуздукту биринчи орунга коюңуздар!
– Ала-Бел ашуусу кышында кооптуу жол тилкелеринин бири болуп саналат. Ошондуктан, айдоочулар кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, жол эрежелерин сакташы керек, – деп билдиришти жергиликтүү кызматтардан.
Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан жол тазалоо жана муздан арылтуу иштери жүрүп жатат.
Даярдаган: Азема Кудуева.