Бишкек шаарында Яндекс Кыргызстандын башкы директору Тилек Сулайманов журналисттер менен жолугушуп, компаниянын колдонуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана шаардык микромобилдүүлүктү өнүктүрүү жаатындагы иштерин тааныштырды.

Чыгырык – шаардык транспорттун бөлүгү
Бүгүнкү күндө кикшеринг Бишкектин транспорт системасынын маанилүү бөлүгүнө айланды. Колдонуучулар Яндекс Go өнөктөштөрүнүн чыгырыктары менен айына орточо 250 миң жолу жолго чыгышат. Алардын 70 пайыздан ашыгы чыгырыкты эс алуу үчүн эмес, шаар ичинде жүрүүгө колдонушат.
Мындай транспорт түрү жол тыгындарын азайтып, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын чыгышын кыскартууга да жардам берет.

Инфраструктураны өнүктүрүү демилгеси
Тилек Сулайманов белгилегендей, Яндекс Кыргызстан шаар мэриясы менен биргеликте 300гө жакын чыгырык токтотуучу жайларды акысыз уюштурууга даяр. Бул колдонуучуларга чыгырыктарды белгиленген аймактарга гана токтотууга мүмкүндүк берип, шаардык тартипти сактоого көмөк көрсөтөт.
Мындан тышкары, компания мэрияга бирдиктүү микромобилдүүлүк операторун түзүү сунушун берген. Мындай уюм сервистердин ишин координациялап, жоопкерчиликтүү колдонуу маданиятын өнүктүрүп, мыйзамсыз токтотууларды азайтууга жана жарандардын даттанууларын тез кароого жардам берет.
Коопсуздук – башкы артыкчылык


Яндекс Кыргызстандын ишмердүүлүгүндө коопсуздук өзгөчө орунда турат. Ар бир колдонуучу чыгырыкты пайдаланар алдында кыска коопсуздук курсуна катышат.
Чыгырыктар ылдамдыкты аралыктан көзөмөлдөө модулу менен жабдылган: Бишкекте учурда ылдамдык чектелген 17 жана кыймыл толугу менен токтотулган 12 зона бар. Бул аймактардын санын көбөйтүү боюнча мэрия менен биргеликте иш жүрүп жатат.
Компания ошондой эле жаңы колдонуучулар үчүн коопсуз айдоо мектебин иштетүүдө, анда теориялык жана практикалык сабактар өтүлөт.
Коопсуздук чаралары башка сервистерде да колдонулат — мисалы, Яндекс курьерлери жол эрежелери боюнча окутуудан өтүп, атайын ылдамдык чектелген электровелосипеддерди колдонушат.
Такси сервисиндеги коопсуздук технологиялары
Тилек Сулайманов белгилегендей, Яндекс Такси кызматында айдоо стилин жана ылдамдыкты автоматтык көзөмөлдөө системасы иштейт. Эгерде айдоочу ылдамдык чегин ашырса же кооптуу маневр жасаса, система аны каттап, айдоочуга эскертүү берет. Керек учурда жаза чаралары колдонулат.
Тиркемеде колдонуучулар үчүн “Коопсуздук” бөлүмү бар — анын жардамы менен шашылыш кызматтарга чалууга, колдоо борборуна кайрылууга же маршрутту жакындары менен бөлүшүүгө болот.
Бардык жүргүнчүлөр жана айдоочулар 800 000 сомго чейин камсыздандырылган.
Айгүл Молдобекова