Кочкор районунун окуучулары арасында Кочкор райондук «Прогресс» коомдук фонду уюштурган китеп сынагынан финалга чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жолдомо алган окуучулар 3 күндүк экскурсияга барып келишти.
Корчубек Акназаров орто мектебинин окуучусу Бегимай Бакасова: «Бул экскурсия мени көптөгөн кызыктуу маалыматтар менен камсыз кылды. Мен билбеген сырларды, көрбөгөн жерлерди кыдыруу мага өтө чоң таасир берди . «Билгенден биле элегиң көп» демекчи мен билбеген көп жерлер, кызыктуу маалыматтар бар экен. Мен бизге жиберилген программадагы жерлерге баргым келген. Бактыга жараша баардык жерлерге бардык, өтө кызыктуу жана пайдалуу күндөр болду. Өзгөчө жакканы жаңы таанышуулар, көптөгөн жаңы досторду таптым жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине саякат кылуу өтө жакты. Бул сынак мага өтө пайдалуу болду. Себеби, семинарлар, конференциялар өтүп жатты. Билимге сугарылган профессор, жогорку деңгээлдеги мугалимдер сабактарды өтүп жатышты. Кыргыз элинин тарыхын дагы да жакшыраак билдим. Жалпы жонунан баардыгы эң мыкты деңгээлде өттү.»
Ушул эле мектептин окуучусу Бермет Кенжебек кызы: «Биз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, «Ала-Тоо» Эл аралык университети, «Салымбеков» университети, Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейи, Ата-Бейит жана көптөгөн китепканаларга бардык. Мен үчүн Ата-Бейитке баруу өтө чоң сыймык болду десем жаңылышпайм. Себеби ал жерден биз үчүн өз жанын курман кылган баатыр инсандар жөнүндө маалымат ала алдык. Китепканаларга жана университеттерге баруу, убакытты туура башкаруу тууралуу өтүлгөн тренингдер бизге пайдалуу болду. Ошондой эле биз кечкисин убактыбызды телефон менен өткөрбөстөн, бизди ой-жүгүртүүгө, шамдагайлыкка үндөй турган оюндарды ойноп, бири-бирибиз менен баарлашып отурдук. Бул сынактын уюштуруучулары биздин ар бирибизди билимге, китепке болгон кызыгуубузду өркүндөтүп жакшы саамалык кылышты. Ошол себептүү уюштуруучуларга, Кочкор «Прогресс» коомуна терең ыраазычылык билдирем.»
Акылай Болотбекова