Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Кенже Кожомуратова тоокторду багып баштаганына 3 жыл болду. Жергиликтүү тооктор киреше алып келбегендиктен эт багытындагы тоокторду багып баштаган.
Жөжөлөрдү инкубатордон бастырып чыгарат жана чоңойгуча жылуулук лампочкаларынын алдында багылгандыктан электр энергиясы жумшалат. Тоюттун, атайын витаминдердин баасынын өсүшү да азыркы тооктордун баасына таасир эткен.
Гулира Сатарова