Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 9-11-класстын окуучулары менен райондук тиешелүү ведоствонун өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол уюштурулду.
Анда топторго бөлүнгөн окуучулар алгач мыйзам жана мыйзамдуулук, эреже, ыйман, жоопкерчилик, тагдыр деген сөздөргө түшүндүрмө беришип, жоопкерсиздик, ыймансыздык, мыйзамды сактабагандыктын кесепеттери тууралуу ачык, кеңири жана далилдүү ойлорун ортого салышты.
Андан соң окуучулар “тилиңди албаган балаң ар бир баласыздын кыялы, сенин саламаттыгың айыккыс илдетке кабылган ар бир жарандын кыялы, сенин түйшүктүү ишиң ар бир жумушсуздун кыялы, сенин кичинекей үйүң үй-жайсыз жүргөн ар бир адамдын кыялы” ж.б ушул өңдүү мааниси терең накыл кептердин тегерегинде талкуу жүргүзүштү. Жыйынтыгында колубузда бар ар бир нерсеге шүгүр кылуу керектигин айтышты.
Тегерек столдун үчүнчү бөлүгүндө ар бир топко ата-эненин бала алдында жоопкерчилиги, мектептеги рекетчилик, тамеки жана насвай, окуучунун мугалимге жасаган мамилеси тууралуу чакан видеороликтер көрсөтүлдү. Мында ата-энелер, мугалимдер да ой-пикирлери менен бөлүшүп, баланы башка бала менен салыштыруу, бирөөгө үстөмдүк кылуу ж.б көрүнүштөрдын аягы жакшылыкка алып келбей тургандыгын айтышты.
Ошондой эле райондун прокурору У.Тагаев канча жаштан кылмыш жообуна тартылат, кандай мыйзамдар бар, кылмыштуулуктун арты эмнеге алып барары тууралуу кеңири маалымат берип, «рекетчиликти муундан-муунга улантпагыла. Ал жакшы адат эмес, тамырын кыркуу керек. Ал үчүн баарыбыз аракет кылалы»,- деди.
Ал эми райондун имамы А.Эсеналиев окуучуларды ата-энени, мугалимди сыйлоого, урматтоого, азыр кимге кандай мамиле жасасаң кайра өзүңө кайтып келерин айтып, ыймандуулукка чакырса, РБББнүн башчысы К.Эсеналиев убагында билим алып, келечекте ордун табууга азыртан аракет керектигин белгиледи.
Барчын Мамытбекова