Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов жана Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын директору Акмат Самарбеков райондун тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, жергиликтүү активисттер, ден-соолук комитеттери менен жолугушту.
Иш чаранын жүрүшүндө саламаттык сактоо системасында жүргүзүлүп жаткан иштер, камсыздандыруу ишинин жүрүшү жана башка бир катар маселелер туурасында айтылды.
Камсыздандырылбаган жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында көрсөтүлүүчү медициналык кызмат көрсөтүү маселелери талкууланды.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргызстандын бардык жарандарына ооруканага пландуу жаткыруу учурунда милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) жана үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу болушу керектигин айтышты. ММК фондунун 113 шыр байланыш телефонуна чалып толук маалымат алса болоорун баса белгилеп өтүштү.
“Түндүк” жана “MBANK” мобилдик тиркемелери аркылуу өтүү жолдорун, катышуучуларга презентация аркылуу түшүндүрүп беришти.
Эскерте кетсек, бардык жарандарга шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоону кошкондо, бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген абалдан чыгарылганга чейин акысыз көрсөтүлөт.
Анара Мааметова