Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы «Нур-Чолпон» бала бакчасы капиталдык ремонттон өтүп, бүгүн анын ачылышы болуп өттү. Бул имарат 1958-жылы салынып, бир да жолу капиталдык ремонттон өтө элек болчу. Бул оңдоп-түзөө иштерине «Бектур» курулуш компаниясы, билим берүү тармагы жана айыл өкмөтү салым кошту.
«Нур-Чолпон» бала бакчасынын директору Назгүл Асанкожо кызы имарат 1958-2019-жылга чейин мектептин алдындагы интернат катары иштеп келгенин билдирди. 2019-жылы бала бакча болуп ачылып, чатыры андан соң терезеси алмашкан. Эми болсо толук кандуу капиталдык ремонттон өтүп ишке берилди:
«Ошол убактан бери бир гана косметикалык ремонттон гана өтүп иштеп келдик. 2023-жылдын ноябрь айында «Келечек үчүн билим берүү» — долбоору аркылуу 4 бөлмө оңдолуп, аны менен биргеликте эмеректер дагы келген. Ал жерге кыска мөөнөттөгү бала бакча ачылып, азыркы тапта иштеп жатат. Эми дем берүүчү грант аркылуу 2 миллион 860 сом которулуп, айыл өкмөтүнөн өздүк салым катары 2миллион сом, жалпы 4 миллион 860 сомго капиталдык ремонт болду. Башкача айтканда бала бакчасынын ичи, сырты жаңы шыбалып, полдору паркеттелди, эшик-каалгалардын бардыгы алмашылып, санузел салынып толук оңдоодон өттү. Сырты кырылып, кайра шыбалды да текстура чачылды. Ал эми эшиктин алдына брусчатка басылды. Капиталдык ремонтту жүргүзгөн «Бектур» курулуш компаниясына, билим берүү тармагына, айыл өкмөтүнө терең ыраазычылык билдиребиз».
Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн бала бакчалар боюнча методисти Анипа Асанбекова «Нур-Чолпон» бала бакчасында 10 сааттык эки группа жана бир 3 саттык группа бар экенин белгилеп, толук ремонтон өтүп ишке киргени балдар үчүн жакшы шарт түзүлөгөнүн кошумчалады:
«Бүгүнкү саамалык абдан жакшы маанайда өтүп жатат. Буга чейин «Нур-Чолпон» бала бакчасы капиталдык ремонттон бир да жолу өткөн эмес. Азыркы убакта толук капиталдык ремонттон өтүп, балдарыбыздын жакшы билим-тарбия алуусу үчүн бардык шарттар түзүлдү. «3 сааттык группа бул «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында жасалган. «Келечек үчүн билим берүү» долбоору президентибиз Садыр Жапаровдун, Билим жана илим министрлигинин жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылды. Бул доорлордун негизинде бул бала бакчанын 4 бөлмөсү оңдоодон өтүп, балдарга жакшы шарттар, эмеректер, кызматкерлердин айлык маянасына чейин камсыздалды. Андан соң бул айыл өкмөтү тарабынан чоң салым кошуу менен 2 жарым миллион каражат бөлүнүп, ошонун негизинде биринчи жолу капиталдык ремонттон өттү. Бул жерде бала бакчанын директору Назгүл Асанкожо кызынын эмгеги зор. Анткени ал талыкпай эмгектенүү менен ушул жетишкендикке жетип отурат. Аны менен катар ушул «Нур-Чолпон» бала бакчасынын жамааты дагы үйүндөгү тиричилигин таштап, бул ишке өз салымдарын кошушту. Жалпы жамаатка, Назгүл Асанкожо кызына терең ыраазычылык билдиребиз. Андан сырткары бул жерде тарбиячылардын да эмгектерин айтып кетишибиз керек. Бала бала бакчанын босогосун аттагандан баштап ошол балага ага бардык нерсени үйрөтүп, коомго аралаштырып, таанып-билүүнү, деги эле бардык ыкмаларды колдонуу менен сабак өтүп отуруп, баланы мектепке даярдоого чоң түрткү беришет. Мамлекеттин келечеги бул- бала бакчадан башталат. Эгер бала бакчада тарбиячылар жакшы эмгектенген болсо, бала башталгыч класска барганда эч кыйынчылыксыз бардыгын өздөштүрүп, коомго аралашып кете алат да, кийин изденүү, жаратмандык менен мамлекеттибиздин өнүгүшүнө салып кошо алат деп айтып алам».
Чолпон айыл өкмөтүнүн 7-чакырылышынын депутаты Жаңыл Мамбетова:
«Бул иш чарага катышып «Нур-Чолпон» бала бакчасында жакшы жетишкендиктер болгонуна күбө болдук. Бул имарат 1958-жылы эле салынды эле. Бирок ошол учурдан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өтө элек болчу. Ал эми бүгүнкү күндө стимгранддан 2 миллион сом, айыл өкмөттөн 2 миллион сом каралып, жалпы 4 миллион 800 миң сомго капиталдык ремонттон өттү. Бул жерде «Нур-Чолпон» бала бакчасынын жетекчиси Назгүл Асанкожо кызына абдан ыраазычылык. Ушул жерге келип иштегенден бери өз демилгесин таштабай, ушул жерди чоң бала бакчага айландырып, 3 тайпа ачылды. Бул жердин курулуш иштерин жүргүзгөн куруучуларга, жалпы жамаатка ошондой эле «Бектур» компаниясына дагы терең ыраазычылык билдиребиз».
Акылай Болотбекова