Жалал-абад облусунун Токтогул районунун аймагында массалык ишембилик болуп өттү. Ага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана райондун тургундары катышты.


Ишембиликтин алкагында жер-жерлерде мекемелердин жана турак жайлардын, социалдык объектилердин короосу, жол жээктери, көчөлөр тазаланды.

Таштандыралды чыгаруу үчүн атайын техникалар тартылып, таштандылар чыгарылууда.

Даярдаган: Азема Сабырбекова.