Тогуз-Тородо «Аялдар коомдо зор күч»- деген темада семинар өткөрүлдү. «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» жана Кыргызстан аялдарынын кыймылынын 100 жылдыгы белгиленип, Тогуз-Торо аялдар кеңеши тарабынан мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон айматктагы 100 айым чакырылып, майрамдык салтанат болуп өттү.
Толугураак, видеодон көрүңүз:
Иш чарага эмгек сиңирген мугалимдер,ишкерлер, коомдук активист айымдар, райондук администрация өкүлдөрү, айыл өкмөттөр, райондун тургундары жана коноктору күбө болду. Элдик кол-өнөрчүөр көргөзмө даярдап, фуршет уюштурулду.
Аялдар кыймылынын башталышы жөнүндө, колхоздоштуруу мезгилин сахналаштырып, чыгармачыл адамдар тарабынан концерттик программа тартууланды.
Саанчы, фермерлерге ишкерлерге райондук аялдар кеңеши, райондук администрация жана Жогорку Кеңештин Ардак грамоталар, бир катар сыйлыктар тапшырылды.
Анара Мааметова