Токтогул шаарынын аймагында электр жабдуулары жаңыланат.Жылытуу мезгили жакындап, электр энергиясын колдоонуучулар кескин көбөйүп, айрым участоктордо электр чыңалуусунун кубаты жетишсиз болгондуктан, тиешелүү «Атайын эсеп» мамлекеттик мекемеси тарабынан керектүү шаймандар келди. Жакынкы күндөрү жаңылоо иштери башталат.
«Бүгүнкү күндө жылытуу мезгили жакындап, электр энергиясын колдоонуучулар кескин көбөйүп, айрым участоктордо электр чыңалуусунун кубаты жетишсиз болгондуктан, тиешелүү «Атайын эсеп» мамлекеттик мекемеси тарабынан ТМ 250-кВа, ТМ 160-кВа үлгүсүндөгү 2 даана трансформатор комплектиси менен, разьединитель РЛНД комплектиси менен 2 даана, ЖБ эл.мамычалары 37 даана,изолятор 148 даана,траверс 37даана, колпачек 148 даана электр жабдуулары берилди» — дейт райондун мэри Болот Максутбаев.
Жогоруда көрсөтүлгөн жабдуулардын 5 даана электр мамычасы Комсомол айылынын Абдувалы көчөсүнө, ТМ 160-кВа үлгүсүндөгү трансформатор Жаңы-Жол айылынын Кормацевт участкасына, Кызыл-Туу айылынын Ызанал көчөсүнө 24 даана, Бала-Чычкан айылына 8 даана электр мамычалары бөлүнүп берилип, жакынкы аралыкта орнотуу иштери башталат.
Даярдаган: Азема Сабырбекова