“Кызыл Жарым Ай” коомунун демилгеси менен Сокулук районунун жалпы билим берүү мектептерине өзгөчө кырдаалдарда керектелүүчү каражаттар менен 11 мектеп камсыз болду. Бул ЮНИСЕФ уюмунун долбоорунун демилгеси аркылуу ишке ашырылууда.
Сокулук районунун мектептеринин директорлору жана «Кызыл Жарым Ай» коому
«Кызыл Жарым Ай» коому тарабынан берилген каражаттар
Абдыкеримова Мээрим Ниязбековна- «Кызыл Жарым Ай» коомунун мүдүрү:
«Сокулук районунун 11 мектеп директорлору Кызыл Жарым Ай коому тарабынан өзгөчө кырдаалдар боюнча өрт коопсуздуктарында керектелүүчү жабдууларды комплектиси менен алышты. Бул жабдууларды тынчтык күндө окуу материалдары катары гана колдонууларына көмөк көрсөтүү. Балдарыбыз жаратылыш жана күтүүсүз келген кырсыктардан алыс болуп, тынчтыкта бактылуу өмүр сүрүшсүн»,-деди.
Өрт коопсуздугу үчүн берилген жабдуулар мектептерге жуктөлүүдө
Сокулук районунун Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын чарба иштери боюнча директордун орун басары Алмаз Ахметов:
«Бүгүн биздин мектеп Кызыр Жарым Ай коому тарабынан өзгөчө кырдаалдар боюнча өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча эки комплект өрт өчүрүүчү жабдыктарды алдык. Алар: Заряддалуучу акустикалык мегафон, кол сирена, шашылыш эшиктин туткалары, биринчи жардам аптечкасы, өрт өчүрүүчү шаймандардын топтому ( өрт калканы, лом, күрөк, конус чакасы )», -деп айтты.
Сокулук районунун билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сейнебүбү Турдумбетова:
«Биздин Сокулук районунда жакшы саамалык болду. Кызыл Жарым Ай коому тарабынан 11 мектеп өзгөчө кырдаалдар боюнча өрт коопсуздугуна карата жабдуулар менен камсыз болушту. Районубуздан алыс жайгашкан мектептерге жардам болду. Бул каражаттар тынч мезгилде балдарга билим берүүдө окуу курал каражаттар катары колдонсун деген ойдобуз. Анткени балдарыбыздын келечеги кырсыктан тышкары болсун деп биз дагы жакшы ой-тилек менен билим тарбия берип келебиз»,- деген оюн айтты.
Күтүүсүз келген кырсыктардан сак бололу.
Динара Султаналиева, Мүрөк Ильязова