Сүт багытындагы асыл тукум уйларды багуу актуалдуу маселе бойдон калууда. Буга ылайык сүт сатуу менен айыл тургундары көп алектенип жаткан учуру. Азыркы тапта Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Токтосун Жакшылыков асыл тукум уйларды багуу менен алек. Швец жана Ала — Тоо уйларын багып келет. Ал уйларды багып баштаганына 2-3 жылдын жүзү болду.
Асыл тукум уйлар
Токтосун Жакшылыковдун айтымында асыл тукум уйларынын пайдасы зор. Алардан күнүнө 20 литрден сүт алып сатышат.
«Биз швец жана Ала- Тоо уйларын тандаганыбыздын түздөн түз себеби бул аймактын климатына, жашоо шартына чыдаган уйлар. Уйлардын сүтү жай мезгилинде көбөйө баштайт. Күнүнө 20 литрден сүт берет.»
Мындай уйларды багууда кошумча жем берүү да сүттүн сапатын жогорулатат. Санга карабай сапатка өтүү бир кыйла кирешелүү иш.
«Эң негизгиси жылуу жер керек. Жайкысын талаага чыгарсак, кышында жаз чыккыча анча мынча кол карап калат. Бул уйларга жем,чөп, улпак беребиз. Жакшы тоюнса албетте сүттү жакшы берет. Уйлардын сүтү жайкысын көп чыгып, күздөн тарта азая баштайт. Жөнөкөй уйларга караганда асыл тукум уйлар өтө көп эмгек деле талап кылбайт. Себеби саны көп сапаты жок демекчи 5-6 уйдан 20литр сүт алганча 1-2 уйдан эт дагы жана көп өлчөмдө сүт алганга да болот», — дейт Токтосун байке.
Ала-Тоо уйлары — сүт эт багытындагы уйлар. Тоо, талаа шартына көнүккөн сүттүү, эт багытындагы уй алуу максатында жергиликтүү инектерди швец жана кострома уйларынын букалары менен аргындаштырып, асыл тукум уй өстүрүүчү чарбаларда чыгарышат. Нарын районуна караштуу Оттук жана Казан-Куйган айылдарында да ангус, симентал, Ала-Тоо, герефорд уйларын багып көп кирешеге чыгып жаткан үй бүлөлөр да арбын.
Кенжеш кызы Гүлнара