Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында жер айдоолорго суу берилип бүтүп, айыл ичиндеги чарба иштерине суу бөлүнүп берилип жатат.
Жаңыртып казылган арык
Айыл ичине суу берилердин алдында арыктарды да оңдоп, жаңыртып казганды да унутушпады. Айыл тургундары бул жылы суу маселеси көтөрүлбөйт деп ойлошот.
Асел Сатыбалдиева айыл башчы
Асел Сатыбалдиева Тармал Саз айылынын айыл башчысы:
«Чолпон айылынын үстүнкү зонасындагы 3 тике суу кудуктарынан азыркы тапта жер айдоолорго суу берилип бүтүп, айыл ичине, чарбаларга суу берилип жатат. Күнүнө 3-4 төн ашыгыраак үй-бүлө суу менен камсыз кылынып, огороддорун суугарууга суу бөлүнүүдө. Ошондой эле Чолпон айылында эч кандай суу тартыштыгы болгон жок. Жылдагыга караганда агын суу жок болсо дагы насостун суусу менен элди камсыздоого жетишип жатабыз. Келечекте дагы ушул күзгө чейин кудай буюрса кеткен проектилерибиздин негизинде дагы 4 тике суу кудуктары ишке киргизүүгө проектилери кетти. Ошол проектилер ишке ашып калса Чолпон жалпы жолунан жери дагы, үлүш жерлери дагы анан чакан чарбаларына дагы керектелүүчү суу менен толугу менен камсыз болот дегенге көзүм жетет».
Тике суу кудуктары учурда иштеп жатат
Айыл ичине суу кенен жетүүдө
Чарба иштерине үйдөн чыккан кудуктагы суусу жетишсиз. Табигый суу болбосо да жардамы тийүүдө
Кусейин Марат уулу