Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери мал чарбасы менен алектенген Бакытбек Мамытканов малды семиртип багуу боюнча өрнөктүү ийгиликтерди жараткан. Ал бир суткада малга 3 килограммга чейин салмак кошууну өздөштүргөн. Бизге берген маегинде малды бордоп багуу тууралуу токтолду.

Бакытбек Мамытканов
— Саламатсызбы? Жыйрма жылдан бери мал чарбачылык багытында иш алып барууңуздун себеби эмнеде?
— Саламатсыздарбы! Биз баштап жаткан учурда мал чарбачылыгынан башка жумуш жок эле. Ошондой эле өзүмдүн көңүлүм туура келип, ушул ишти эч таштабай иштеп келе жатам. Өзүм көп кабаттуу үйдө эле чоңойгом. Анан мал багып баштаган соң сарай алдым. Андан кийин зоотехник адистигинде билим алдым. Окууну бүтүп, көп жылдык тажрыйбадан кийин эл менен өз билимимди бөлүшө баштадым.
— Малга бир суткада 3 килограммга чейин салмак кошуу менен өрнөктүү ийгилик жараткан экенсиз. Бул тажрыйбаңыз кантип ишке ашты?
— Жакшы асыл тукум малды бордоп багуу ыкмасы менен ушундай жыйынтыкка чыкса болот. Абердин ангусс, герефорд асыл тукумдары суткасына кыйналбай эле бул салмакты кошо алат. Асыл тукум мал багуу бул жакшы жумуш жана кыргызстандыктардын колунан келе турган иш. Биздин өлкөнүн калкынын 70% айыл жеринде жашагандыктан, бардыгын болбоду дегенде 1-2 асыл тукум малды бордоп багууга чакырат элем. Буга кой, уй бардыгы эле кирет.
— Эмнеге?
— Элдин бардыгы багып баштаганда дагы, биз эл аралык тенденцияга кошулат элек. Себеби, дүйнө жүзүндө эт көп колдонула баштады. Этке болгон суроо-талап арбын. Мисалы, акыркы эле бир жылды ала турган болсок Гонконг, Малайзия, Катар, Сауд Арабиясынан бир стандартта, бир категорияда эт өндүрсөңөр алат элек деп жатышат. Сооданын принциби эмнеге суроо-талап көп болсо, ошону чыгарыш керек. Биздин бүгүнкү шартта мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрү абдан чоң. Жакынкы жылдары этти экспортто боюнча алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кошула алабыз деген ишеничим бар.
— Сиз атап өткөн өлкөлөр эмне үчүн Кыргызстандын этин алууга кызыкдар?
— Биринчиден, биздин суунун өзгөчөлүгү, ал мөңгүдөн аккан суу. Экинчиден, бийик тоолуу, күнөстүү өлкөдө жашагандыгыбыз. Бизде өскөн чөптүн дагы артыкчылыгы бар. Анын дүмбүл болуп, бышып жетилүүсү батыраак болот. Ошондон улам, чөп менен багылган малыбыздын баркы жогору. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга көп эле барып жүрөбүз. Алардын той-мааркелеринде ушул бизден барган жылкы, кой, бодо барктуу болот. Биз аны өзүбүз байкабайбыз. Бирок, чындыгында ушундай. Кайсы кытайдын жараны болбосун, кыргыз этин мактайт деген кеп дагы айтылып жүрөт. Учурда Кытай дагы биз менен эт багыты боюнча соода кылууга аракет кылып жатышат. Жылына 100 миңден бука сатып алабыз дейт. 100 миң деген буканы сатуу үчүн биз элдикикин бордоп туруп, анан сатышыбыз керек.
— Бордоп багуунун технологиясы кандай?
— Менин бордоп багуу ыкмам “стейк” деп аталат. Мен баккан букаларда ич май аз болот дагы, этинде май көбүрөөк болот. Ушул этке дүйнө жүзүндө суроо-талап көп болуп жатат. Биз телеграммдан баракча ачып, ошол жерден малчыларга кеп-кеңешибиз менен бөлүшүп турабыз. Ал эми чоңураак фермалар болсо, анда жерине барып деле айтып бере алабыз. Болбосо телефон чалса деле, талыкпай айтып берип келем. Бордоп багуу боюнча кыскача айта кетсем, мисалы картошканын майдасын малга беришет. Бирок, бул азыктын күчү 100%га ачылыш үчүн аны сууга бышырып жана бир аз туз кошуп берсе, мал 3 эсе көп азык жегенге барабар болот. Ошондой эле аш болумдуу заты көбөйөт. Жемди дагы демдеп, бышырып берсе кудум күрүч жегенге барабар болот.
Касиет Кубанычбек кызы
Эсептеңиз: Эт сатып алуу үчүн сиз бир айда канча күн иштешиңиз керек?
Ат — Башыда ангус жана голштин асыл тукум уйларын баккан ишкер