Сокулук районунун «Тан-Чолпону» балдар борборунда 27-март 2023-жылы “Биз ХХI кылымдын интеллектуалдары” аттуу окуучулардын арасында сынак өткөрүлдү. Сынакка 6 мектептин окуучулары катышты. Сынактын максаты билим берүүнүн жана илимий-техникалык чыгармачылыктын сапатын жогорулатуу менен долбоордук, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулукту өнүктүрүү, өлкөнүн социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө жаштардын практикалык жактан катышуусун арттыруу.

Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары мугалимдери менен
Сынакка Сокулук районунун төмөнкү 6 мектеби катышышты:
«Таң Чолпону» балдар борбору, Керимбүбү Шопокова атындагы №3 мектеп-лицейи, Новопавловка гимназия орто мектеби, Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясы, М. Жаныбаев атындагы орто мектеп, Жаңы -Жер орто мектеби».

Дубал модель долбоору «Менин Сокулугум»


Р. Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын 7в классынын окуучусу Саламат Токтосунова:
«Мен «ХХI кылымдын интеллектуалдары» сынак долбооруна катышып келдим. Бул сынактан заманбап технологиянын өнүккөнүн окуучулардын колдорунан жасаган макеттерден көрдүм. Абдан кызыктым, кийинки жылга өзүм да долбоор ойлоп тапканга. Мага «Менин айылым» деген долбоор өзгөчө жакты»,- деп айтты.

Р. Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын 5б классынын окуучусу Урмат Маратов:
«Мен биринчи жолу мындай конкурсту көргөнү бардым. Окуучулар технология боюнча көп нерселерди жасап барышыптыр. Ал жакта шахмат кружогу да бар экен. Мага бир мектептин машина, пылесос, кран, вертолет жасагандары жакты. Бирок вертолетту учура албай коюшуптур. Анткени дагы көп ойлонуп чыгуу керек экен»,- деген оюн билдирди.

Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын 5б классынын окуучусу Гулпери Камбарова:
«Биз барган конкурста мага биздин мектептин окуучуларынын жасагандары жакты. Жаратылыш, техника, транспорт катыштырып жасашкан. Тоону тешип туннелден өткөн темир жолдо поезди да бар. Дагы айтсам тоону бургулоочу машинаны да ойлоп жасаганы жакшы экен»,-деди.

«Ынтымак темир жолу»
Өсүп келе жаткан муундун ойлоп табуусун калыптандыруу жана кесип тандоого багыттоо мектептин эң негизги максаты.
Адэми Кенешова, Берметкан Исабекова