Мамлекеттик мектептердин дээрлик ар биринде кыздар комитети бар. Ага мектеп мугалими жетекчилик кылып, окуучу кыздардан мүчөлүккө тандалып алынып, чогуу иш алып барышат. Комитеттин эң негизги максаты кандай? Эмне иш алып барат? Өспүрүм кыздарга кандай жардам көрсөтөт? Бул суроолорго Жапар Нышанов орто мектебинин кыздар комитетинин төрайымы Нурзада Алиева жооп берди.
Анын айтымында комитеттин негизги максаты өспүрүм кыздарга туура жол көрсөтүү жана адеп-ахлакка үйрөтүү:
“Кыздарыбыз мектепте адептүү болуу, ыймандуу болуу, бактылуу болуу, келечекте өз ордун кыйналбай табуусуна көмөк беребиз деп ойлойм. Ар бир класстан кыздар кеңешинин төрайымы деп шайлап алганбыз. Алар өздөрүнүн классынын кыздары жөнүндө маалымат берип турушат. 11-класстын кыздары менен биргеликте ай сайын чогулуш өткөрүп турабыз.
Кыздар келечектеги энелер-апалар болгонуна байланыштуу биринчи биз алардын ден-соолугуна карайбыз. Кыздардын ички гигиенасын, ден-соолугун сактоо максатында атайын доктурларды чакырып, тегерек стол уюштурабыз. Ар кандай суроо жооптор менен. Жана дагы айылыбыздагы ишкер айымдарды чакырып, ар түрдүү темадагы тарбиялык сааттарды уюштуруп, кыздар өздөрүнүн суроолорун тартынбастан берип, алардан жоопторду ала алат.”
Кыздар комитетинин мүчөсү Айгерим Медербек кызы кыздар комитетинде эмне иштерди алып барышкандыгы тууралуу айтып берди:
“Биз сентябрь айынан бери кыздар арасында тегерек столдорду, талкууларды уюштуруп жаттык. Кыз адеби кымбат, кыз үйдүн куту деген темаларда талкуу уюштурдук. Комитетте иш алып барган жагат, себеби кыздар арасында алардын көйгөйлөрүн угуп, алар менен жакындан мамиле курган жагат.”
Ал эми 9-класстын окуучусу Альбина Калдарова кыздар комитети жаш өспүрпүрүмдөргө керек деп эсептейт:
“Кыздар комитети эаш өсүп келаткан кыздарга туура жолду көргөзүп, адептүүлүктү үйрөтөт. Менин жеке оюм боюнча, кыздар комитети тарабынан чогулуш бир айда бир жолу өткөрүлөт. Эгерде бир айда эки жолу өткөзүп, дагы көптөгөн маалыматтарды айтып турганда бул бизге өтө пайдалуу болмок.”
Мектеп мугалими Айжамал Абдикеримова мурунку, өзү окуп жүргөн убактагы кыздар комитети менен азыркы убактагы комитеттин айырмасын айтып берди:
Биз окуп жүргөн убакта кыздар кеңешиндеги мугалимдер эгерде бир кыздын сырткы кийими начар болуп, же бир талапка жооп бербеген болсо, аны чогулушка салып, жарыя кылып, урушуп ортого салчу. Азыр болсо ар бир кыздын жашоо шартын, үй- бүлөлүк абалын эске алып, укуктарын эске алуу менен мамиле кылабыз.”
Кыздар комитетинин эң негизги максаты кыздарды уяткаруу, укуктарын чектөө, критикалоо же болбосо чачты экиге өр, кыска юбка кийбе деген талаптарды коюу эмес, эң биринчи өспүрүм кыздарга колдоо көрсөткөн, кыздар ишеним көрсөтө алган комитетке айлануусу зарыл.
Аймончок Кожонова