Курчап турган айлана-чөйрөдөгү тазалыкты сактоо үчүн кагаз калдыктарын өзүнчө чогултуу жана аларды кайра иштетүүгө өткөрүү иш-чарасы мектеп жетекчисинин демилгеси менен ишке ашууда. Макулатура чогултуу ишине жалпы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын жамааты жана окуучулар катышышты.
Чынара Ташбаева Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын география мугалими жана «Экомекен» клубунун жетекчиси:
«Бүгүн мектепте 1-класстан 11-класска чейин ар бир класс өзүнүн кабинетинде чогулткан кагаздарды макулатура өткөрдү. Класс жетекчилер тарабынан окуучуларды тазалыкка, тартипке чакырууга үндөө менен мектеп жетекчисинин демилгесин колдоп, башталган ишти улантабыз. Мектептин тегерегин ар кандай таштандыларды жөн эле ыргыта бербей, кайра иштетүү дагы боло тургандыгын окуучулар арасында тушүндүрүү иштерин кызуу колго алынышы жакшы саамалык. «Жашыл климат» улуттук компаниясынын алкагында бүгүнкү күнү өткөргөн 78 кг макулатуранын 1320 сом акчасына роза гүлүнүн көчөтүн сатып алып, мектебибиздин айланасына отургузууга пландаштырдык»,-деди.
Макулатура өткөрүү учуру
Өлкөбүздө таштандылар менен күрөшүүгө жана жаратылышты сактоого кайдыгер карабайлы.
Алия Исакова