Ноокат районунун Т. Кулатов айыл аймагына караштуу Баглан айылында заманбап мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана ишке берилди. Ишкананын ачылыш аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев катышып, жергиликтүү тургундарды куттуктап, өндүрүшкө расмий старт берди.
Баглан кооперативинин жетекчиси Сапар Бөйдөнов: «Бул өндүрүш объектиси жеке инвестиция жана “Арис” уюмунун каржылык колдоосу менен жалпы 15 миллион 447 миң сомдук каражатка курулуп, заманбап технологиялык жабдуулар менен камсыздалган. Ишкананын кубаттуулугу күнүнө 500 литр сок өндүрүүгө жетет. Алгачкы этапта 15–20 адам туруктуу жумуш орду менен камсыздалат. Бул демилге аймактагы айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана экспорттук потенциалды жогорулатууга өбөлгө болот.» — деп билдирди.
Жумушчулар иштеп жаткан учур
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева