Токтогул районуна караштуу Терек-Cуу айылында өзгөчө маданий иш-чара болуп өттү. Анда аймактагы алты айылдын сулуу, таланттуу кыздары «Кыргыз кызы» таймашында күч сынашты. Бул саамалык жаш муунду улуттук баалуулуктарга, каада-салттарга тарбиялоо, кыргыз кыздарынын адеп-ахлагын, билимдүүлүгүн жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн даңазалоо максатында уюштурулду.
Таймашка Терек-Суу, Мазар-Суу, Ак-Тектир, Кара-Күңгөй, Чолпон-Ата жана Чоң-Арык айылдарынан келген кыздар катышты. Катышуучулар өздөрүнүн билимдүүлүгүн, чеберчилигин, улуттук кийимдерди кийүү маданиятын жана сахнада өзүн алып жүрүү жөндөмдүүлүгүн калыстар тобуна көрсөтүштү. Алар кыргыз элинин каада-салттары боюнча билимдерин сынашкан викториналык суроолорго жооп берип, улуттук ырларды ырдап, бийлерди аткарышты.
Таймаштын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен эң мыкты деп табылган кыз «Кыргыз кызы — 2025» наамына ээ болду. Жеңүүчүгө жана бардык катышуучуларга баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.
1. Дүйшөналиева Аэлита 1-орун Ак-Тектир айылы беш миң сом акчалай сыйлык, диплом
2. Жунусалиева Курманжан 2-орун Терек-Суу айылы, үч миң сом, диплом
3. Шаршенбекова Айымбала 3-орун Чолпон-Ата айылы, эки миң сом, диплом
Иш-чарага жергиликтүү тургундар, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана коноктор катышып, жаш таланттарга колдоо көрсөтүштү.
«Мындай таймаштар жаштардын маданиятка болгон кызыгуусун арттырып, алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт», — деп белгилешти иш-чаранын уюштуруучулары.
Терек суу айылында өткөн «Кыргыз кызы» таймашы чыныгы майрамга айланып,катышуучуларга жана көрүүчүлөргө унутулгус көз ирмемдерди тартуулады.
Даярдагандар: Жунусбекова Айданек. Азем Сабырбекова.