Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинде 650дөн ашуун окуучу билим алышат жана 44 мугалим эмгектенип келет.
Улан Абылаев дал ушул мектепте география сабагынан окуучуларга билим берип келет. Окуучуларга терең билим берүү максатында мугалим чыгармачылык жана изденүүчүлүк менен эмгектенет. Азыркы учурдун талабына ылайык салттуу сабактарга караганда окуучулардын компетенттүүлүгүнө, өз алдынчалуулугуна багытталган стандарттуу эмес сабактарды көп өтөт. Мына бүгүнкү сабагын да гео-аянтчада өтүү менен окуучулардын кызыгуусун арттырууда.
“Мындай сабактарда окуучулар абдан активдүү болушат. Мисалы, класста сабак өтүүдө көпчүлүк учурда теория менен гана чектелип калышат. Ал эми география сабагында биздин гео-аянчабызда, ачык асманда сабак өтсөң окуучулар жаратылышка жакын болушат, гео-аянчабыздагы приборлорду өзүлөрү кармап көрүшөт, байкоо жүргүзүшөт. Теориялык билимдерин практика жүзүндө көрө алышат, өзүлөрү анализ жасашат. Мындай сабактан кийин окуучу өтүлгөн теманы эч качан унутуп калбайт, ал билими эс тутумунда сакталып калат, сабак жандуу өтүлүп билим сапатын жогорулатууда чоң өбөлгө болот”- дейт география мугалими.
Оттук: Жергиликтүү кеңештерге жаш депутаттар шайланды
Акылай Алмазбекова