Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 Кесиптик лицейдин жалпы жамааты Баткендеги тажик-кыргыз чек арасындагы окуяда жабыркаган мекендештерге жардам катары бир күндүк айлык маяналарын которушту.
Мекендештерге жардамды уюштурууга лицейдин директору Бактыгүл Мусаева өзү биринчилерден болуп акчалай каражатын алып келди. Мугалимдер арасында бир күндүк айлыктан тышкары кошумча акчалай каражат бергендер дагы бар. Ал эми бул жардамга лицейдин окуучуларынан дагы өз ыктыяры менен стипендиясынан которгон жаштар болду.
№43 Кесиптик лицейдин профкому Сүйүн Дүйшөмбиева:
“Бул ишти өзүм колго алып акча каражатын топтоодо көмөк көрсөтүүдөмүн. Лицейдин жамаатынан эч ким калбай баардыгы жардам беришти. Ал гана эмес окуучулар келип жатышат. Мекендештерибизге ахыбалын сурап барганга жете албасак дагы аз да болсо жардам кылсак дедик. Бул окуя эч нерседен беккапар болгон лицейдеги жаштарыбызга таасир берген окшойт. Баардыгы кейип сабакта дагы чек ара окуясын сүйлөшүп калышат. Мугалимдер акча чогултуп жатышыптыр биз да берсек болобу деп сурашты”,-дейт профком.

№43 Кесиптик лицейдин жалпы жамааты
№43Кесиптик лицейдин “Ашпозчу” кесибинде окуган 1-курстун студенти Кадырбек Эсенканов:

Кадырбек Эсенканов №43 Кесиптик лицейдин студенти
“Жакында болгон тажик-кыргыз чек арасындагы окуяда менин дагы зээним кейиди. Эгерде жашым туура келгенде мекенди коргоо үчүн кетип калат элем. Бирок буюрса жигит болгондон кийин армиядан качпай мекен үчүн кызмат кылыш керек. Жок дегенде колго курал кармап атканды үйрөнөбүз да. Мага өзгөчө 12 жаштагы карындашыбыз Мадина Рахматжанованын өлүмү таасир этти. Менде деле карындаштар бар. Алардын бир тал чачы түшпөсү үчүн жанымды бергенге даярмын”.
Ушул эле лицейдин окуган Гүлзада Мирзамамутова да оюн айтты:

№43Кесиптик лицейдин студенти Гүлзада Мирзамамутова
“Чек арада болгон чырдан улам жаштар да ойлонуп калдык. Мекенибиз баарынан кымбат экенин түшүнгүдөй болдук окшойт. Мен деле окуумду бүтсөм чет өлкөлөрдө иштейм деп кыялданчумун. Ал оюмдан кайтып өз элибизде, өз мекенибизде кызмат кылып өлкөнүн өнүп өсүшүнө салым кошсом дейм. Келечектеги жаштар Кыргызстанды гүлдөтүшүбүз керек”.

Гулмира Бикиева №43 Кесиптик лицейдин башкы бухгалтери
Гүлмира Бикиеванын айтуусу боюнча:
«Лицейдин жамааты чогулткан акча каражатын жалпы кесиптик техникалык лицейлер менен банктан которулат. Кайдыгер карабаган элге ыраазымын. Ал гана эмес айына аз өлчөмдө стипендия алышкан окуучулар дагы салым кошту».
Жаңы-Жер элинен Лейлектеги мекендештерге жардам жеткирилди
Турсун Омуралиева