Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында COVID-19 илдети боюнча абал туруктуу болгону менен илдети таптакыр жок болуп кеткен жок. Жаңы-Жер айылындагы мектепте 3 мугалимден COVID-19 илдети аныкталгандыктан окуучулар кайрадан аралыктан окутууга өтүштү деген маалыматтан улам, “Айылда санитардык эрежелер сакталуудабы?” деген сурамжылоо жүргүздүк.
№43-Кесиптик лицейдин мугалими Сүйүн Дүйшөмбиева:
«Өлкөдө COVID-19 илдети кайрадан көбөйүүдө. Ошондуктан, ар бир жаран өзүнүн саламаттыгы үчүн санитардык талаптарды так аткаруусу зарыл. Мен жакында эле окуучуларга санитардык эрежелерди сактоо, колду туура жууну жана аралыкты сактоо жөнүндө тарбиялык саат өттүм. Азыр өспүрүмдөргө санитардык эрежелерди сактоо жөнүндө айта бергенден көрө өзүбүз көргөзүп берген таасирдүү болот окшойт. Лицейдин медайымы Айчүрөк Байбосунованын жардамы менен окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздүк».
№43 Кесиптик лицейдин биология сабагынан берген мугалими Сүйүн Дүйшөмбиева
Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин мугалими Бегимай Кубанычбек кызы:
Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин мугалими Бегимай Кубанычбек кызы
“Биздин мектепте деле санитардык талаптар сакталып жаткан болуучу. Бирок жакында 3 мугалимден COVID-19 илдети аныкталганга байланыштуу мектеп карантинге жабылды. Биздин мектеп жаз айынан бери 2 жолу карантинге жабылып, окуучулар кайрадан аралыктан окууга мажбур болууда”.
Ал эми айыл тургуну Айжамал Омуралиева:
Айжамал Омуралиева; «Карыган чоң кайын атам менен чогуу жашайбыз, оору жугузуп албайлы деп коркобуз»
“Ар бир үй-бүлө өздөрүнүн ден-соолугу үчүн кам көрүүнү абдан эле жакшы билип калышты. Бирок көчөдө санитардык эрежелер аткарылган жок. Бет кап кийүү, кол алышып учурашпоо, аралыкты сактоо режимдери айыл арасындагы адамдарда сакталбайт. Кээде Жаңы-Жер Бишкек маршруттук унаага түшсөң эч ким бет кап тагынбайт, жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн ичи тыгылыш. Орозо маалында айылдык чайканада ооз ачыруу мааракеси уюштурулууда. Менин карыган 95 жаштагы чоң кайын атам бар. Чакыруулар келет ооз ачарга деп. Бирок кээде жибергибиз келбейт. Кары адам эмеспи чоң атабызга жугузуп албасак экен деп коркомун. Балдарыма да айтам колуңарды бат-бат жуугула деп»,-деди айыл тургуну.
Арал айылында Covid-19 илдети боюнча абал салыштырмалуу туруктуу
Турсун Омуралиева