Ак-Талаа районунда кышка камылга мурдагы жылдарга салыштырмалуу кеч башталды. Бюджеттик мекемелерге көмүр отуну тартылганы менен элге тартылып бүтө элек. Бирок, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жалгыз бой кары-картаңдарга бир тоннадан көмүр берилген.

Ак-Талаа районуна келип жаткан кара алтын
Баетов айыл аймагынын социалдык кызматкери Сагын Жакеева 88 жаранга 1 тоннадан көмүр берилгенин билдирди. Социалдык кызматкер быйыл акысыз көмүр алгандар кийинки жылы албай калышы мүмкүн экендигин түшүндүрүп өттү.

Баетов айыл аймагынын социалдык кызматкери Сагын Жакеева
«Быйыл 88 ар кандай категориядагы жарандарга «Турук» көмүр кенинен кышка бир тоннадан көмүр жардам бердик. Негизи жыл сайын үйлөрдү кыдырып, тактап чыгабыз. Быйыл алган киши эмки жылы албай калышы мүмкүн. Анткени андан дагы жашоо-шарты начар үй-бүлө катталып калышы мүмкүн. Айрымдары муну түшүнбөй «менин көмүрүм кана» деп келе беришет. Ошондой эле айылдын аймагында жашаган аз камсыз тургундарга гана берилет. Эгер тизмеге кирген адам шаарда кыштай турган болсо, анда анын ордуна башкага беребиз» деди.
Кыш мезгилине карата көмүрдөн башка жардамдар берилбегени менен атын атагысы келбеген демөөрчүлөр, кайрымдуулук кылган адамдар азык-түлүк, эт-аштан жардам берип турушарын айтты.

Ал эми Баетов айылынын 81 жаштагы тургуну Аскарбек Иманалиевге жалгыз бой адам катары бир тонна көмүр берилген.
«Аз да болсо жардам. Өткөндө күн суук болгондо бир тобун жагып койдук», — дейт аксакал.

«Турук» кенинен келген көмүр
Барчын Мамытбекова