Ак-Талаа районундагы Бермет-Жал ат майданында КРнын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата спорттук иш- чаралар өткөрүлдү.
Бермет-Жал ат майданындагы ат оюндарына катышуучулар
Ат майданында «Аламан байге», «Жорго салыш», «Кунан чабыш», «Тай чабыш», «Көк-Бөрү»өңдүү ат оюндары өткөрүлүп, «Кыргыз күрөш» боюнча балбандар күч сынашты.
Жыйынтыгында, жеңүүчүлөргө белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Ак-Талаа райондук спорт инструктору Улан Доктурбековдун маалыматына караганда пандемиялык шартка карабастан ачык асман алдында спорттук иш-чаралар өткөрүлүп жатат.
Улан Доктурбек уулу Ак-Талаа райондук спорт инструктору (ондон экинчи)
Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн спорттук иш-чара
Улан Доктурбеков сыйлык тапшырууда
«Тайлак» спорт клубунун спортчулары
«Спорттук иш-чаралар былтыркы жылы өтө курч кырдаал болгон үчүн өткөрүлгөн жок. Быйыл болсо райондук деңгээлде уюштуруп жатабыз. Мындан сырткары, айылдарда чакан спорттук мелдештер өткөрүлүп жатат. Кырдаалды шылтоо кылып отура бергенде болбойт. Анткени жаштар бош убактыларын пайдалуу өткөрүшү керек. Албетте, пандемия бардык пландаган иштерди өткөрүүгө тоскоол болду. Мисалы, «Дени сак улут-өнүгүп жаткан өлкө» аттуу чоң спорттук мелдештер өтпөй калды. Илдеттен сактануу керек экенин билебиз. Мүмкүн болушунча аралыкты кармап, санитардык эрежелерди сактаганга аракет кылабыз»,- дейт.
Райондук админстрациялар арасында өткөн облустук мелдеште Ак-Талаа райондук администрациясынын командасы ийгилик жаратты
Ошондой эле, райондун спортчулары, спорт сүйүүчүлөр облустук, республикалык мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратып жатышканын кошумчалады.
Барчын Мамытбекова