Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы “Куланак” насосу 3 айылды сугат суу менен камсыз кылып келет. Бирок каналдын ичин камыш, талдар басып, суу берүүдө тосколдуктар жаралган. Учурда жүргүзүлүп жаткан тазалоо иштери аркылуу берилген сууну коромжусуз колдонууга шарт түзүлөт.
Аталган насостук станция 1968 – жылы курулган. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин Нарын районун сугат суу менен камсыздайт. Каналды тазалоо үчүн Нарын облустук суу чарба башкармалыгынан атайын техникалар тартылып 1 айдан бери жумуш жүрүп жаткан мезгил. Бул иштер аркылуу берилген сууну убагы менен коромжусуз колдонууга шарт түзүлөт дейт Нарын облусуна караштуу Куланак суу бөлүм башчысы Эсенбек Исмаилов.

иш учуру
— Каналды тазалоо иштери кандай пландалган?
— Быйылкы тазалоо иштерибиз буга чейин эле пландалган. Бирок техниканын жетишсиздигинен ушул кезге туш болуп олтурабыз. Негизи каналдарды тазалоо иштери суу берилбей калгандан кийин жүргүзүлөт. Жаз менен берилген суу кеч күзгө чейин тынымсыз берилип турат. Сууну токтоткондон кийин, каналдын ичи кургаш керек. Анан техниканын жардамы менен тазалоо иштери жүрүп жаткан мезгил.
— Канча аралык тазаланат?
— Куланак насосунун узундугу 38 км түзөт. Бүгүнкү күнгө 13 км тазалоо иштери пландалган. Негизи каналдын бир эле жак бетин тазалап жатабыз. Суук түшүп, тоң кармап калса экинчи бети тазаланбай калат. Эки тарабы тең тазаланса абдан жакшы болмок…

Эсенбек Исмаилов тракторист менен
— Айдоо аянтчары кантип сугарылат?
— Айдоо аянтчаларын сугарууда сифон колдонулуп келсе, акыркы 2 жылдан бери дыйкандар заптир ыкмасын колдонууга өткөн. Негизи дыйкан чарбага тараган мезгилде айдоо аянтчалары уруу уруу менен бөлүштүрүлгөн. Биздин Жетиген жана Токол урууларынын элине 105 га жер тийген. Буга чейин биз деле сифон менен сугарчубуз. Бирок көп кыйынчылыктарды жаратчу. Кара күч көп жумшалчу. Белчебизден суу кечип сифондун оозун резинка менен байлап түйшүк жаратчу. Анан кеңешип туруп, Нарын облустук ООСко кайрылып, уруксат алуу менен заптир орноттук. Бул ишти башынан аяк айыл тургуну Ордонбек Ажымүдүнов жетектеп, башыбызда турду. Жер аянтчаларыбыз сугарылып жаткандыктан ар бирибиз акча чогулттук. Атайын менчик техниканы жалдадык. Айыл өкмөттүн техникасы да жардамга келди.

айыл тургундары иш үстүндө
Агын суу менен келген талдар арыктын ичтерине толуп өскөн. Мунун баары тазаланып отунга жарап берди дейт иш үстүндөгү айыл тургундары. Тазалоо иштери жер ээлеринин катышуусунда өттү.
Куланак насостук станциясы ишке киришкенден кийин 5081 гектар дың жерлер бузулуп, айдоо аянтчаларына айланган. Учурда насостук станцияда 10 кызматкер эмгектенет.
Айзат Түмөнбаева