Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн Баглан айылындагы «Баглан» орто мектебинин филиалы болгон жаңы мектептин курулушу аяктоодо. Мектеп башталгыч класстар үчүн 100 балага ылайыкташтырылган.

Баглан орто мектебинин сырткы көрүнүшү

Сапарбек Бойдонов маалымат берип жаткан учуру
Кулатов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объектилерди куруу жана өзгөчө кырдаал боюнча башкы адис Сапарбек Бойдонов: Баглан мектебинин филиалы Чаң-Таш бөлүмү жакта. Күнгөй тарап деп айтылат. Ошол жерге жаңыдан мектеп салуу үчүн «Араб фонду» менен байланышып, 4 класс — 100 орундуу мектептин курулушу 2020-жылы башталган. Сметалык баасы 8 млн сом. Арабдар тарабынан мектеп, жылытуу системасы, спорт аянтчалары салынат. Мектептин айнек терезелери жана эшиктери айыл өкмөттүн эсебинен каржыланып 1 млн 300 сом сарпталды. Азыркы учурда төрт көздүү дараткана айыл өкмөттүн эсебинен курула баштады.

Баглан орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Минавар Акматова
Баглан орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Минавар Акматова: Баглан орто мектебинин экинчи корпус филиалы Баглан айылында жайгашкан. Азыркы учурда 66 окуучу билим алып жатышат. Мектептин абалы өтө начар болчу. Талапка да жооп бербейт. Себеби, бул мектеп эски оорукананын имараты болчу. Эң алгач бул мектептин филиалы элдин суранычы боюнча 1998-жылы ачылган. 2020-жылдын күз мезгилинде Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы, жердешибиз Сейдакмат Мурзакматов ажы, өзүбүздүн окуучубуз профессор Айдар Ниязов, айыл өкмөтүбүздүн, айыл башчыбыздын, мектеп жетекчилигинин жана жергиликтүү тургундардын демилгеси менен заманбап, азыркы талапка жооп берген 100 орундуу мектеп салынды. Бул мектептин ачылышы боюнча айтып өтсөм элдин, мектеп жамаатынын маанайы аябай жакшы. Ыраазычылыктарын, алкыштарын айтып жатышат.

Баглан айылынын айыл башчысы Курсан Маткаримов
Баглан айылынын айыл башчысы Курсан Маткаримов: Айыл өкмөттүн аракети менен ушул мектеп Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жардамы менен бүтүп жатат. Бул мектеп ашкана, усулкана болуп 4 бөлмөдөн турат. Заманбап болуп курулуп жатат. Башталгыч класстын окуучулары үчүн ыңгайлуу мектеп курулуп бүтүп калды.
Таңнуру Жалалова, Чынара Нурманова