Кантип каржылык сабаттуулукка жетишүүгө болот? Бул суроого БУУнун Эл аралык эмгек уюмунун “өз бизнесиңди башта жана өнүктүр” программасынын тренери Айсулуу Мейманканова жооп берди.

БУУнун Эл аралык эмгек уюмунун “өз бизнесиңди башта жана өнүктүр” программасынын тренери Айсулуу Мейманканова
— Саламатсызбы? Каржылык сабаттуу болуунун маанисине токтолуп кетсеңиз.
— Мен көп жылдар бою бизнес багытында иштедим. 2016-жылдан бери каржылык сабаттуулукту түшүндүрүү иштери боюнча тыгыз иш алып барып калдым. Ага чейин өзүм дагы бул анча деле маанилүү эмес, ар бир адам өзүнүн каражатын кантип иштеткенди билсе керек деп ойлочумун. Бизнес багытында болсо каражат жана аны кантип көбөйтүү керек деген темалар көбүрөөк маанилүү деп ойлочумун. Бирок, 2016-жылдан тарта улуттук банк жана башка эл аралык уюмдар менен бирге иштеп баштадым. Каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча 2016-2020 жылдарга улуттук программа кабыл алынган. Ошол улуттук программаны жүзөгө ашыруу багытында иштеп калдым. Ошондо биринчи кезекте каржылык сабаттуу болуу ар бир адамга керек экендигин түшүндүм. Эмнеге дегенде, каржылык сабаттуулукка ээ болбосо, адамда бизнес жөнүндө ой дагы болбойт.
— Каржылык сабаттуулукка кантип жетишүүгө болот?
— Бул бир гана адамдын көйгөйү эмес. Мамлекеттин деңгээлиндеги маселе болуп жатат. Карыжылык сабаттуулукка кантип жетишүү керек деген суроого окутуулар, түшүндүрүү иштери аркылуу жетише алабыз деп айта алам. Банктарга насыя алганы барганда алар деле шарттарын, жол-жобосун жакшы эле түшүндүрүп айтат. Маселе маалыматыбыздын аз болгондугунан келип чыгат. Мисалга айтсак, банк келишимин деле толук окуп чыкпаган көрүнүштөр кеңири кездешет.
— Кыргызстандыктардын жашоо шартында каржылык сабатсыздыкты айгинелеген жүрүм-турумдар кайсылар?
— Биз өзүбүз күбө болгондой жашообузда ашыкча чыгымдар кездешет. Биздин той-аштар болбошу керек деп айта албайм. Алар биздин салтыбыз. Тойду, ашты өткөрүү, тууган-урук менен жолугуу, өткөн адамдарды эскерүү жакшы нерсе. Ашыкча чыгым деп конок тосууда же үйлөнүү үлпөт тойлорунда адамдар бири-бирине атаандашып эле көп чыгымдарга дуушар болушат. Мисалы, эмне үчүн 150 адам менен эле той өткөрүүгө болбойт? Эмнеге сөзсүз 400-500 адамды тойго чакыруу керек? Андан көрө ошол баш кошуп жаткан жаштарга каржылык сабаттуулуктун үлгүсүн көрсөтүп, депозит ачып бербейбизби деп айткым келет. Дагы жашообузда болуп жаткан көрүнүштөрдү айтсам, той-аштарда эч ким кийбеген калпак, көйнөк, материалдар таркатылып келет. Булардын бардыгы ашыкча чыгым. Каржылык сабаттуулукка жетишүү үчүн бул нерселерди кыскартуу керек.
| 1. Кирешеден чыгаша көп болбошу керек
Адам өзүнүн же үй-бүлөсүнүн кирешесин көбөйткөндөн мурда карыз болуп калбоо керек. Тактап айтканда, кирешеден чыгаша көп болуп кетпеши зарыл. Көйгөйлөрдүн бардыгы акчага болгон мамиле, карыз болуудан келип чыгат. Чыгашалар көбөйүп кеткенде адам карыз алуу, насыя, ломбард ж.б жолдорду карап баштайт. Ошондуктан, биринчи кезекте чыгашалар кирешеден ашып кетпеши керек. |
| 2. Ашыкча чыгымдарынызды анализ кылыңыз
Айрым адамдар үйдөн тамак жасоо ордуна, кафе, ресторандан көп тамактанат. Сырттан тамактануунун катарында дүкөндөрдөн сатып алуулар дагы бар. Алсак, кыргыздардын дасторконунда сөзсүз болушу керек болгон “нанды” дүкөндөн сатып жеген кадимки көрүнүшкө айланып бара жатат. Ушул өңдүү өзүңүздүн жашооңуздагы жүрүм-турумдарыңызга анализ кылып, ашыкча чыгымдарды кыскартууга болот. |
| 3. Акчага болгон мамиле
Акча деген жаман нерсе эмес. Ал максатка жетүүнүн жакшы инструменти. Бирок, акчага мамиле кылуунун биле бербегендиктен маселелер жаралат. Чыгымдарды күнүгө жазуу керек. Аны күн сайын жазып туруу көпчүлүк үчүн кыйын болушу мүмкүн. Бирок, ал адатка айланткан соң, айрым каражаттардын максатсыз короп жаткандыгын оңой эле түшүнүүгө жана жол бербөөгө болот. |
| 4. Кирешени көбөйтүү тууралуу ойлонуңуз
Кирешени көбөйтүп, акча чогултууну адатка айлантуу зарыл. Акча чогултуунун бир канча ыкмасы бар. Алардын бири – депозит. Депозит тууралуу бул материалды окусаңыз болот. |
| 5. Каржылык сабаттуулук багытында ар дайым изденүү керек
Биз менен кошо алдамчылар дагы өсүү жолунда экенин унутпоо зарыл. Алар дагы социалдык тармактарды, ар түрдүү тиркемелерди колдонуп, адамдарды капканга салууда. Ошондуктан, каржылык сабаттуулук боюнча дагы билимди жаңылап туруу абзел. |
Касиет Кубанычбек кызы