Барскоон айыл аймагында жергиликтүү кеңештин 3-кезектүү сессиясы болуп өттү. Анда айыл ичин жарыктандыруу жана көпүрөлөрдү оңдоо, суу тартып келүү маселелери каралып, бюджеттен акча каражаты бөлүндү.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
Барскоон айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетов 2021-жылдын бюджеттеги акча каражатын кийинки жылга калтырбай кароо керектигин билдирди. Себеби, жергиликтүү кеңештин 27-чакырылышындагы депутаттар бюджетти бекитүү учурунда жаңы суу топтоочу жай куруу үчүн акча каражатын карашкан. Бирок, ал сумма аз болгондугуна байланыштуу суу топтоочу жай куруу иш жүзүнө ашпай калган. Ошондой эле кезектүү сессиянын кароосуна коюлган орчундуу маселелердин бири, орто мектептин алдына балдардын коопсуздугу үчүн салынуучу тротуар экенин Кубан Мамбетов билдирди.
«Бизде эң орчундуу болгон бул ДЭУ жактан баштап Чылабаев мектебине чейинки тротуар. Бул жаш балдардын коопсуздугу. Мектепке жакын көпүрө бар. Ошол жер ичке болуп кетет. Жолдун чектери жок. Ал жерден балдар түзмө-түз машина өтүүчү жолго чыгып, анан өтүп жатышат. Ошол маселе толугу менен чечилбей калды. Эң орчундуу маселел ошол болчу, балдардын коопсуздугу биринчи кезекте каралышы керек эле».
Айыл тургундарынан жалпы 12 кайрылуу келип түшкөн. Алардын үчөө Барскоон айылынын Маданият үйүнүн ысымын берүү, төрт кайрылуу айылга өз салымын кошкон инсандардын ысымын көчөлөргө коюу, эки адамга Баркоон айылынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу болгон.
Ошондой эле, мектептеги география классына заманбап окуу куралдарын алып берүү жана балдарды эртең менен кечинде мектепке ташуу үчүн айына 100 литр күйүчү майды бюджеттен карап берүү боюнча дагы кайрылуулар болгон.
Мындан тышкары айылдагы 18 жаштан жогорку майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөтүү маселелери каралды. Буга улай айыл өкмөт башчысы Бакыт Асанов муктаж болгон үй-бүлөлөр үчүн 100 тонна таш көмүр алууга акча каражатын карап берүүсүн билдирген. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Асел Асанова маалымдады.
«Айыл өкмөттүн социалдык бөлүмү менен тыгыз иштеп, иликтөөлөрдү жүргүздүк. Эми ушул күнгө чейин 18 жаштагы балдар материалдык жардам, белек-бечкектерди алат экен. Ал эми бул жаш курактан өткөндөр ала албайт экен. 6 адам коляскага муктаж экен. Айылдык кеңешке аларга жардам берүүгө сунуш киргиздик. 18 жаштан өткөн 30 адамга 2000 сомдук социалдык пакеттерге 60 миң сом бөлүүнү сунуштадык. Айыл өкмөтүбүз айылдын аярлуу катмарына 100 тонна көмүр алууну сунуш кылды. Бул боюнча дагы акча каралып жатат. 500 миң сомдун тегерегинде акча болуп калса, буюрса көмүр да каралат».
Ичүүчү таза сууну жергиликтүү тургундарга апрель-май айына чейин берүү зарыл. Учурда айыл ичине колдонулуп жаткан ичүүчү таза суу Таарылга суусунан агып келет. Сарамжалдуу пайдалансак ал деле жетет. Бирок, жергиликтүү тургундардын сугат иштерине да суу берүүгө да туура келип жатат. Мындан улам, Туюк суусун тартып келүүнү карап жатабыз дейт «Таарылга Булак» таза суу ишканасынын жетекчиси Ысмайыл Иманалиев.
«Туюктан, Ат жайлоодон бери Кидибай саз деп коебуз. Ошол жакка түшүү кыйыныраак болуп жатат. Азыркы күндө 3 тандоону карап турабыз. Бизде бөлөк суу алуу булагы жок экен. Жердин астынан алалы десек ал да жок экен. Арыктагы сууну иче албайт экенбиз. Таарылганыкы келип жатат, эгерде сарамжалдуу пайдалансак бул деле жетчүдөй. Бирок, мунун келечеги кыйыныраак болуп жатат. Сугат иштерине берүүгө туура келет».
Гүлкайыр Осмоналиева