Үй-бүлөдө психологиялык жагымдуу абал.
Балага кыйкырбоо керек. Балдар үчүн ар кандай үндү көтөрүү катуу стресске алып келери илимий жактан далилденген. Ал эми стрессте организмдин вирустарга каршы күрөшүү жөндөмдүүлүгү начарлайт. Вирустар көбүнчө клетканын ичинде жашынып, ооруну пайда кылуу үчүн дененин кичине алсыроосун күтүшөт.
Күн тартиби.
Адамдын табияты ритмди жакшы көрөт. Тамактануу, уйку, сейилдөө белгилүү бир убактарда болуусу. Эгерде мунун баары бир убакта жасалса, денени үнөмдүү режимде иштеген машинага салыштырууга болот – ал оңой менен эскирбейт жана узакка иштейт. Ал эми адаттардын бардыгы баланын кичине кезинде калыптанат. Андыктан кичинесинен бир жежимге көндүрүү зарыл. 7 жылга чейин сөзсүз күндүз уктоо режимин сактоо ден-соолуктун кепилдиги болуп саналат. Бала эртең менен төшөктө көп жатпоосу керек. Ал эртең мененки саат 9дан кечикпей туруп, кечинде 22:00 кечикпей уктаганы туура.
Туура тамактануу.
Баланын дем алуу органдарынына туруктуулугун жогорулатуу үчүн А витаминге бай тамактарды берүү керек. Балдар сөзсүз түрдө чийки жашылча салаттарды, каймак, жумуртка, ашкабак жеш керек. В тобундагы витаминдер жалпы зат алмашууну нормалдаштырат, гемопоэз процесстерине жакшы таасир этет, бул баланын ден соолугун чыңдоого жардам берет. Алар сүт жана эт азыктарында, дан эгиндеринде, жашылчаларда, деңиз азыктарында бай.
Баланын эмне жегенине гана көңүл бурбастан күнүнө канча маал жеп жатканына дагы көңүл буруу керек. Стандарттык чоңдор үчүн болгон эртең менен, түштө жана кечинде тамактануу схемасы балдар үчүн таптакыр ылайыктуу эмес. Кичинекей балдар бей маал азыктарды жеп туруусу керек. Мисалы, банан, айран, печенье, жаңгак, алма.
Суунун ордуна кайнатылган компотторду бериңиз. Балага таза суу ичүү дагы маанилүү. Аны менен катар ит мурундун же башка алма, өрүк кактары менен жасалган кайнатылган суусундуктар балаңыз үчүн пайдалуу болот.
Таза абада жок дегенде 2 саат жүрүү керек.
Баланы таза абада сейилдетүү же ойнотуу абдан маанилүү. Жада калса күн бүркөк убакта да баланы эишкке чыгарганды токтотпоңуз. Эң негизгиси баланы аба ырайына жараша туура кийинтүү зарыл. Көпчүлүк апалар жана чоң энелер үшүп калбасын деп эле баланы капуста кылып кийинтип салышат. Бул учурда бала сөзсүз ысып, тердейт. Анан албетте ооруп калат. Ысуу иммунитеттин тез төмөндөөсүнө алып келет. Андыктан баланы ысып кетчүдөй кийинтпөө керек.
Тазалык.
Күн сайын бөлмөнү нымдуу чүпүрөк менен сүрүп, тазалап туруу зарыл. Себеби кургак бөлмөдө чаң дем алуу органдарына кирүү мүмкүнчүлүгү жогоруу болот. Ошондой эле баланын кичине кезинен тамак ичүү алдында, дааратканадан кийин колун жуу адатын калыптандыруу керек.
Сасык тумоонун алдын алуу бул көп компоненттүү жана узак мөөнөттүү процесс, ал сезондук сасык тумоо эпидемиясында гана эмес, ар дайым ден соолугуна кам көргөн адамдар үчүн бир топ жеңил жана натыйжалуу. Рационалдуу тамактануу, сергек жашоо образы жана активдүү спорт дененин суук тийүүгө туруктуулугун жогорулатат жана ден соолуктун башка көптөгөн көйгөйлөрүнүн алдын алат.
Айгерим Кубатбекова