Сары-Булуң айылдык кеңешинин социалдык маселелери боюнча комиссиянын мүчөлөрү аймакка караштуу мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункттардын кышка даярдыгы менен таанышып чыгышты. Текшерүүдөн кийинки маселелер жергиликтүү кеңештин кезектеги сессиясына коюлуп, алардын ичинен орчундуулары айыл өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
Сары-Булуң айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын төрайымы Жаңыл Келгенбаева текшерүүдөн кийин социалдык объектилердин абалы тууралуу төмөндөгүчө маалымат берди.
“Жалпылап айта кетсек, мектептин жылуулуктары жакшы, отун-суулар менен камсыз болгон. Ашканалары таза, тыкан. Табылгыты ФАПтагы мештин эскилиги жеткендиктен түтөп, күйбөйт. Быйыл кышка чейин райондук оорукана жаңы меш салып беребиз деп убадаларын беришкен. Китепкана эски имаратта болгондуктан, жылуулук маселеси бар. Сатыбалдиев орто мектебининин ашканасында идиш-аяктардын жаңыртылбагандыгы бар. Айрым идиш-аяктар ата-энелердин көмөгү менен алынып келген. 2014-жылдан бери жаңылана элек”.

Сары-Булуң айылдык кеңешинин социалдык маселелери боюнча комиссиянын мүчөлөрү бала бакчанын абалы менен таанышуу учуру
“Айзирек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун убактылуу директору Арууке Назарбек кызы бала бакчанын кышка даярдыгы боюнча көйгөйлөрүн баса белгилеп, техникалык каражаттардын жоктугун кошумчалады.
“Бизде кышында жылыткычтын жел чыгып турган жерлеринен суу агып, дат басып турат. Ал эми негизги маселебиз компьютер, принтер жок. Кагаздарыбызды колго жазып келебиз. Ошондуктан бизге компьютер маселесин эртерээк чечип берүүсүн суранып, кайрылат элем”.
Ал эми айылдык кеңештин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү Мерген Нурдинов текшерүү учурунда мектеп, бала бакчаларда көйгөйлөр бар экенин айтып өттү.
“Негизинен 2 мектеп, 2 бала бакчада шиттер талапка жооп бербейт. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Улан Далбаев 15-ноябрга чейин бюджеттен бөлүнгөн каражат боюнча бардыгын ордуна келтирүүгө жана аткарууга өзүнүн жоопкерчилигине алды. Кечиктирилгендигинин себеби, тендерге коюлган. Бирок, ага катышпай эле убакыт чоюлуп кеткен”.
Анара Мааметова