Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак жана Орозбеков айылдарында жана Ош облусунун Ноокат районунун Бел айылында “Тынчтык, ынтымак кербени” аттуу иш-чара болуп өттү. Максаты акындар менен жолугушуу аркылуу тынчтык, социалдык жана гендердик теңчилик идеяларын жайылтуу, коомчулукта тынчтыкты орнотууга аялдардын салымы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу болгон.

Акындар менен жолугушуу аркылуу тынчтык, социалдык жана гендердик теңчилик идеяларын жайылтуу, коомчулукта тынчтыкты орнотууга аялдардын салымы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган “Тынчтык, ынтымак кербени” болуп өттү.
Баткен облусунун жана Ош облусунун жашоочуларына “Поэзия сени сүйөм” поэтикалык жыйнактын автору, “Эргүү” улуттук театр сынагынын ээси, белгилүү акын, журналист Нуркыз Рыскул кызы, Алыкул Осмонов атындагы адабий сынактын жеңүүчүсү, белгилүү акын, бир канча китептин автору, алып баруучу Акбар Кубанычбеков, Караколдо өткөн эл аралык айтыштын жеңүүчүсү, белгилүү жаш төкмө акын Кутман Садыбакасов жана А.Осмонов атындагы, Ч.Турсунбеков атындагы адабий сынактардын ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, бир канча китептердин автору, белгилүү акын Бердибек Жамгырчиев чыгармачылыгын тартуулашты.
Иш чарага Роза Отунбаеванын демилгеси Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева жана “Коомдун инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүгүүсү үчүн миграцияга дуушар болгон аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун координатору Чынара Абдыраимакунова, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Дамир Иманалиев жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Меерихан Асанова катышышты.

“Тынчтык, ынтымак кербени” “Коомдун инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүгүүсү үчүн миграцияга дуушар болгон аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун жыйынтыгы менен уюштурулду.
Акындардын төкмөлөрү жана поэзиясы “Тынчтыктын чебин урагыс, ынтымак менен курабыз!” деген ураандын негизинде ар бир катышуучунун жүрөгүнөн түнөк тапты. Бул иш-чаранын көрүүчүлөрү төмөндөгүдөй ой-пикирлери менен бөлүштү.
Ак-Турпак айыл аймагынын тургуну Эльмира Надирова: “Бүгүнкү иш чара бизге абдан пайдалуу болду. Аялдардын турмушунан алынган көрүнүштөр чагылдырылуу менен аялдардын моралдык духун көтөрүлүүчү ырлар көркөм окулуп, баяндалды”.
Мутабар Дехконова: “Уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем. Себеби, бул иш чаранын уюштурулушу менен көптөгөн энелерге жарыктык, мээримдүүлүк тартууланып, энелер жашоо үчүн өздөрүнүн турмушун алдыга жылдырууга максат коюуга үндөдү. Мен да ушундай иш чаралардын көп болуусун каалаймын”.
Пазылова Эльмира: “Бүгүнкү иш чара эң жакшы уюштурулушуна күбө болдум. “Мигрант аял-өнүгүү түркүгү” долбоору биздин айыл өкмөтүн тургундары үчүн эстен кеткис мыкты долбоор болгондугу менен эсте калды. Биздин аялдардын бүгүнкү маанайы айтып бүткүс кубанычта! Ушундай иш чаралар көп-көп болуп турса, коомубузда тынчтык гана болсо!”
Орозбеков айыл аймагынын жашоочусу Эмиль Абдырашитов: “Иш чаранын уюштуруучуларын терең ыраазыбыз, эң сонун болду! Биз бул иш чарадан улам руханий, инсандык өнүгүүбүз өрчүдү”.
Бел айыл аймагынын Кеңеш орто мектебинин 9-б классынын окуучулары: “Бул жолугушуу көпчүлүк жаштардын келечек максатына себеп болду деп ойлойбуз. Биз акындардын өнөрлөрүн, улуу сөздөрүн , акыл-насааттарын “баш казаныбызга” алдык. Биз ушундай жолугушуулардын дагы улантуусун каалайбыз. Сиздерге чоң ыраазычылык билдиребиз!”
Төөлөс айыл аймагынан келген активист Тажикан Жапарова: “Бүгүнкү поэзия кечеси абдан жогорку деңгээлде өттү. Аябай күтүп жаткан күнүбүз биз ойлогондон да мыкты болду. Болгону бир-эки саат болсо да, бул кыска убакыт ичинде көз алдыбыздан бүтүндөй жашообуз өткөндөй сезилди. Дилибиз сугарылып, поэзияга болгон сүйүүбүз күчөдү. Чыгармачылык топко чоң рахмат айтабыз. Кыргыз поэзиясында А.Осмонов, М.Алыбаевдерден кийинки жылдыздар пайда болуптур. Адабиятыбыздын жаңы доору башталганын көрө алдык” .
“Тынчтык, ынтымак кербени” Бириккен улуттар уюмунун Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен БУУнун Аялдар түзүмү жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Коомдун инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүгүүсү үчүн миграцияга дуушар болгон аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун жыйынтыгы менен уюштурулду.