Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында 26-октябрда «Алтын күз — 2021» сынагы болуп өттү. Ага айыл өкмөттөгү бардык айылдардын айымдары катышты.
Аялдардын биримдигин күчөтүү, аларга мотивация берүү максатында уюштурулган бул иш-чарада ар бир айылдын айымдары өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Сынактын жүрүшүндө өсүмдүктөр көргөзмөсү болуп, ар бир топ ата-эне, сүйүү, жаштык, жер-сууну, жаратылышты даңазалаган ырларды аткарышып, бий бийлешип, макал-лакап айтышышты.
Жыйынтыгында 1-орунду Байыш-Чегеден айылы, 2-орунду Шаңкол жана Арбын айылдары ал эми 3-орунду «Айбийке» балдар бакчасынын жамааты камсыз кылып, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Жергиликтүү кеңештин депутаты, сынактын уюштуруучусу Турсунай Кадырова: «Аялдарды колдоо борборунда бизди окутканда бизге барып эмне иш кыласыңар деген суроо берилген. Биринчи түшүм майрамын өткөрүүнү жазганбыз. Бүгүн планыбыздагы биринчи иш-чара аткарылып жатат».
Кеңеш айыл өкмөт башчысынын орун басары, калыстар тобунун мүчөсү Жеңишбек Исаев сынактын мындай чоң деңгээлде өтөөрүн күткөн эмесмин дейт: «Эл ичинде катылып жаткан таланттарга бүгүн күбө болуп, ар бир программанын так аткарылышына карап баа бердик».
Айыл тургуну Айгүл Мамажунусова кыргыздар салт-санаага, макал-лакаптарга, оюн, ырларга бай экенин, аларды унутпай сактап калуу керектигин айтат: «Кыргыз элибизде дайым ушундай молчулук, токчулук, бакубат жашоо болушун каалайм».
Ал эми сынактын катышуучусу Жыпаргүл Матраимова: «Биздин «Айбийке» балдар бакчасы 3-орунду алды. Калыстар тобу жакшы баалашты, сынакка дагы кыргыздын улуттук оюндарын кошсо жакшы болмок».
Аймончок Кожонова
Айжибек Алижанова