Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылындагы суу түтүктөрү колдонууга берилгенден тартып бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. 55 жыл ичинде эскирген түтүктөр тургундарга айрыкча кышкысын көйгөй жаратат. Бул тууралуу Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев айтты.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
«Таза суу чындыгында кыйын абалда. Суу түтүктөрү эски, 1965-жылы колдонууга берилген. Ошондон бери бир дагы капиталдык ремонттон өткөн эмес. Кышкысын ар кайсы жерден жарылып, көчөлөрдү суу каптап, бир топ кыйынчылык жаратат».
Бирок тургундарды таза суу менен камсыз кылуу акырындап жолго коюлууда. Учурда айылдагы айрым четки көчөлөргө тургундардын өздүк салымы жана кол күчүнүн жардамы менен таза суу киргизилип жатат. Кадыралиев көчөсүнүн жашоочусу Нургүл Жээнбекова буга чейин да суу чыгарууга аракет кылганыбыз менен эмгек текке кетти дейт.
«Көчөнүн тургундары өзүбү аракет кылып, бирок көп жолу эмгегибиз текке кетти. Кудук дагы казып көрдүк. Жаштар демилге көтөрүп, кайрылып жатып эми мына үйлөргө суу кирип калды…»
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтымында айыл тургундары жолугушуу учурунда таза суу менен камсыз кылуу маселесин көтөрүшкөн.
«Биз жаңы кызматке келип, эл менен жолуккан учурда тургундар таза суу маселесин көйгөйлүү деп айтышкан. Депутаттар менен сүйлөшүп, жериликтүү бюджетке өзгөртүү киргизип, каражат жагынан жана техникадан жардам берип жатабыз. Эң биринчи элдин көйгөйлүү маселелерин чечели деп бюджеттеги каражатты мыйзамга ылайык котордук».
Мамет Абышбаев көчөсүнүн жашоочусу Алтынбек Субакожоев көчөсүндө суу чыгарууга көмөктөшүп жатканын айтты.
«Айыл өкмөттүн жардамы менен үйүбүзгө суу киргени калды. Буюрса аз жумуш калды. 2-3 жылдан бери суудан кыйналып жатканбыз. Эми айрым жумуштарды өзүбүз жасап жатабыз».
Суусуз жашоо жок деген Нургүл Жээнбекова кышкысын малды суу ташып сугаруу балдар үчүн кыйынга турганын кошумчалады.
«Сууну балдар ташыгандыктан кыйын болуп кетет экен. Малга ташып беребиз. Балдарыбыз ыйлачу. Мына эми ар бир үйгө суу кирип жакшы болуп калды. Жашообуздун баары сууга байланыштуу».
Баетов айылын таза суу менен толук камсыз кылуу максатында Азия өнүктүрүү банкына долбоор сунушталган. Тендерди утуп алган тарап келип аннотациясын алп кетишкен. Ал эми айыл тургундары 1 млн сомдон дон ашык өздүк салым, кол күчү жана 514 мин сом жергиликтүү бюджеттин каражаты менен 4060м таза суу түтүгүн тартып алышты.
Барчын Мамытбекова