Билим алуу ар бир адамдын ѳзүнѳн гана кѳз каранды. Азыркы учурда кѳп ата-энелер балдарынын келечегин ойлоп, ар кандай курстарга берип жатышат. Ошондой мекемелердин бири “Secom” Билим берүү мекемеси. “Secom” Билим берүү мекемеси 20 жылдан бери ѳз кызматын кѳрсѳтүп келет.
“Secom” 1998-жылы негизделген. Башында англис тил жана компьютер үйрѳтүү максатында ачылып, ал эми 2010-жылы жалпы Республикалык тестке даярдоо кошулган. Бизде кыргыз тили жана математика сабактарына басым жасалып жатат. Жалпы Кочкор районундагы айылдардан Чолпон, Чекилдек, Молдо Кылыч,Кум-Дѳбѳдѳн 100гѳ жакын окуучалар келип, 10 күндүк ОРТга даярдоо курсун окуп жатышат”, -дейт “Secom”Билим берүү мекемесинин директору Майрамбек Самсалиев.
Эң алгачкы кадам мугалимден башталат дейт ушул жерде сабак берген Жаңыбай кызы Эркайым. Мугалим балдар менен кандай кыйынчылыктар болорун, кандай методко салып үйрѳтѳрүн айта кетти.
“Чоң адамдарга караганда жаш балдар бат үйрѳнүшѳт жана аларды илгерки жаттоо методуна салбай, жаңы үйрѳнүү методуна салабыз”, -деп билдирди “Secom” Билим берүү мекемесинин окутуучусу Жаңыбай кызы Эркайым.
Азыркы учурда кѳп жаш досторубуз интернетке гана берилбестен менталдык арифметика курстарына кызыгуусу пайда боло баштады деп сөзүн баштады «Secom» билим берүү борборунан окуп жаткан окуучу.
«Мен Шарипова Мадина, 17 жаштамын. Secom го келген максатым алган билимимди андан да жогорулатып, жакшы университетке тапшырып, башка мамлекеттерден да окуп билим алуу.»
Ар бир ата-эне ѳзүнүн баласынын келечегин жана аларды кандай курстарга берсем жакшы болот деп кѳпкѳ ойлонушат. Бирок кээ бир ата–энелер балдары жакшы үйрѳнѳ албаса, ал окуп жаткан мекеменин катачылыгы деп билишет. Бирок бул жерде комплекстүү кароо маанилүү.
Мырзайым Мамакеева, Уланбек кызы Элнуру